Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

Шайназаров Тынчтык Урайимович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.

1991-жылы Ош шаарындагы №7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 ж.ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “Укук таануу” адистигин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

10.02.2025- ж - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы.

2021-2025 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.

2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.

2015-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI- чакырылышынын депутаты.

2010-2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V- чакырылышынын депутаты.

2009-2010-ж.ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору.

2007-2009-ж.ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.

2004-2007-ж.ж. – Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

1999-2004-ж.ж. – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору.

1997-1999-ж.ж. – Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү.

1996-1997 ж.ж. – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү.

Ардактуу наамы – Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы.

«КМШ ПАА 25 жыл» медалы.

ТүркПА медалы.

“Юстициянын мыктысы” медалы.