Кайрылуу / Обращение №1
Батырбекова Мээрим
| катар № | 1 |
| АШК/БШКга келип түшкөн күнү | 10.07.2017 |
| Кайрылуунун түрү | Кайрылуу / Обращение |
| Арыз ээси жөнүндө маалымат | Батырбекова Мээрим 79246269006 |
| Кыскача мазмуну | Саламатасынарбы. Биз убактылуу Иркутск шаарында жашап жатабыз, ушул куздо боло турган президенттик шайлоого кантип катыша алсак болот. Жообун кутобуз. |
| КР БШКда каралган күн жана КР БШКнын Чечими |
Жооп: Саламатсызбы, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же чыгып кеткен адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү. |
| Сотко даттануу болгонбу | жок |
