Билдирүү / Заявление №39

Монгубаев Рахатбек Карагулович

катар № 39
АШК/БШКга келип түшкөн күнү 20.09.2017
Кайрылуунун түрү Билдирүү / Заявление
Арыз ээси жөнүндө маалымат Монгубаев Рахатбек Карагулович
0702230280
Кыскача мазмуну Арыз Менин арыз жазуумдун себеби томонкудой. Шайлоо адресибизди тактагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетке барып арыз жазуу керек болду. Себеби, азыркы жашаган адресибиз боюнча паспортубузду алмаштыра элек эле. Жашаган адресибиз мамлекеттик каттоодон откон, озубуз да азыркы адресте катталганбыз, болгону паспортубузду паспорттук столго берип келгенбиз. Паспорт даяр болгонго чейин КМТУ га барып, биздин азыркы жашаган адресибиз боюнча жакын жайгашкан участогубузга барып шайлоо арызын жазмакпыз. КМТУ нун шайлоо боюнча кабыл алуу адамдардын орой жана бой которуп суйлоо мамилелиринен улам биздин абройубузду басынтышты. Мындай кундору мен жумуштамын, келинчегим эмчектеги баласы менен уйдон чыга албайт, ошого карабастан атайын бир куну бошонуп келсек, силердин жоопкерчиликтуу адамдарыныздын мамилеси бизди басынтышты: 1) Биздин оюбузду уккулары келишкен жок (башкы офисте отурган аял). 2) Бизге орой мамиле жасашты. 3) Орой мамиле жасаганы аз келгенсип, Токтогулова Айзада айтышты. 3) Азыр ГРС жок арызынарды кабыл алсам жоголуп кетсе мен жооп бербейм, туштон кийин келгиле ж.б. Алар эмне учун бизге кыйын болушат, колунардан эмне келет деген мамиледе иштешеби? Шайлоо участогуна ушундай жоопкерчиликтуу адамдарды коюп койсонор, биздин шайлагыбыз келбей калды, себеби мамлекеттин келечегин ойлоп келсек бизди качырды. Биз баш тарттык. Анан кантип биз мамлекетти онуктуро алабыз?
КР БШКда каралган күн
жана КР БШКнын Чечими
Жооп: Саламатсызбы, урматтуу Рахатбек Карагулович, Сиздин кайрылууңузду дыкаат иликтеп чыгуу максатында, сизди жазуу түрүндө тийиштүү материалдарды тиркөө менен кайрылууңузду суранабыз.
Сотко даттануу болгонбу жок