Кайрылуу / Обращение №22

Бейшенов Ч

катар № 22
АШК/БШКга келип түшкөн күнү 30.08.2017
Кайрылуунун түрү Кайрылуу / Обращение
Арыз ээси жөнүндө маалымат Бейшенов Ч
0559800274
Кыскача мазмуну Саламатсыздар, менин ата-энемдин тизмеси айылда, Президенттик шайлоо учурунда Бишкек шаарында болуп калышы мүмкүн, жана Бишкек шаарында шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү барбы, эгерде мүмкүн болсо кандай документтерди алып келиши керек.
КР БШКда каралган күн
жана КР БШКнын Чечими
Саламатсызбы. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Ошондой эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экени жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Сотко даттануу болгонбу жок