Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2020-жылдын 11-февралындагы
№ 40 токтому менен бекитилген
Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. “Шайлоочулардын жана референдумдардын катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө” ушул Жобо (мындан ары – Жобо) шайлоочулардын жана референдумдардын катышуучуларынын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмесин) түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүүсүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары (шайлоочулары) жөнүндө маалыматтарды берүүнүн, шайлоочулардын маалыматтарын Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен салыштыруу жана шайкеш келтирүү жол-жоболорунун, шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплекттерин даярдоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Кыргыз Республикасында референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелерди белгилейт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу жана сактоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, , “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жободо:
1.төмөндөгү терминдер пайдаланылган:
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ –Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык түрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жеткиликтүүлүк берилген улуттук паспорт;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен);
Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму – шайлоочулар, референдумдун катышуучулары тууралуу маалыматтарды түзүү, жүргүзүү жана жаңылоо боюнча мамлекеттик маалымат тутуму;
Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары – КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри (мындан ары - УПМР) - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте топтоону, иштеп чыгууну, сактоону, издөөнү, пайдаланууну жана берүүнү камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык система;
шайлоо дареги – шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипке ылайык ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;
шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары – шайлоочунун жеке инсандыгын тастыктаган документте көрсөтүлгөн/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын шайлоочусунун, референдумга катышуучусунун жеке иденттештирүү номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги камтылган маалыматтар;
туруктуу жашаган жери - инсандыгын күбөлөндүргөн документте каттоо эсебин алган органдын каттоо белгиси менен тастыкталган/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын аймагында жарандын жашаган жери;
шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси – электрондук жана кагаз жүзүндө, КБМРдин негизинде түзүлгөн, добуш берген күнү жигердүү шайлоо укугуна жана/же референдум өткөрүлгөн күнү референдумга катышууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары – Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону жана эсепке алууну ар түрдүү формада ишке ашырган мамлекеттик органдар;
шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча шайлоочулардын тизмесине жарандарды киргизүү, чыгарып салуу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
жергиликтүү жамааттын мүчөсү – (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо) тийиштүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктар байланыштырган Кыргыз Республикасынын жараны. Жергиликтүү жамаатта шайлоочунун мүчөлүгү жарандын паспортундагы жашаган жери паспорттун чипине жазылган же жашаган жеринин дареги Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) добуш берүү күнүнө чейин кеминде 60 күн калганда дарегин каттоо менен аныкталат;
жергиликтүү жамааттын мүчөсү (Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо) - бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат;
2) төмөнкүдөй кыскартуулар пайдаланылат:
СӨМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
ЖАК - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматы;
КР ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
КР ИИМ - Кыргыз Републикасынын Ички иштер министрлиги;
УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
КР КМ – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
КР ССМ - Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы №666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын мамлекеттик эсебин Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган жеке маалыматтардын негизинде «Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү тутуму» (мындан ары – ШЭБТ) маалыматтык тутумун пайдалануу менен КР БШК ишке ашырат.
5. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын (мындан ары – шайлоочулардын) шайлоого укуктарын жүзөгө ашыруу, өздөрү жөнүндө маалыматтар менен шайлоочулардын таанышуусун жана тактоосун, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу, референдум участогу (мындан ары – шайлоо участогу) боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
Шайлоо мыйзамдарында белгиленген берүү мөөнөтүнө ылайык шайлоочулардын тизмеси алдын ала, контролдук жана биротоло болуп бөлүнөт.
Шайлоочулардын тизмелеринин формалары ШЭБТ жөнүндө Жобо менен белгиленет.
6. Добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде турган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Шайлоолорду жана референдумду өткөргөн мезгилде КР БШК жана СӨМ биргелешкен чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол вокзалдарынын аймактарында жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Шайлоолорду жана референдумду чогуу өткөргөн учурда көрсөтүлгөн шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү шайлоо жана референдум жөнүндө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен өз ара аркеттешүү тартиби
(Главанын аталышы КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен КБМКда камтылган жеке (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде түзүлөт.
10. КР БШК округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана аларды бекиткенден кийин 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн СӨМгө берет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
11. КР БШК добуш берген күнгө чейин 85 (сексен беш) календардык күндөн кечиктирбестен консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган шайлоочулар тууралуу КР ТИМ берген маалыматтарды КБМРде камтылган маалыматтар менен салыштыруу жана шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн СӨМгө расмий түрдө берет.
СӨМ консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган шайлоочулар тууралуу берилген маалыматтардын КБМРде камтылган маалыматтар менен ылайык келбөөчүлүктөрдү тапкан учурда тактоо үчүн КР БШКга жана КР ТИМге ылайык келбөөчүлүк тууралуу расмий маалыматты жөнөтөт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. СӨМгө добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күндөн кечиктирбестен биометрикалык маалыматтарды жыйноо пункттарынын тизмесин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жердегилерин, алардын иштөө регламентин, жайгашкан даректерин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен КР БШКга берет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө:
1) СӨМ добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календардык күн мурда шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды КБМРден ШЭБТга жүктөө, андан ары ШЭБТдан «Тизме» мамлекеттик порталына жүктөө менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.
СӨМ түзүлгөн алдын ала тизмелерди «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, ошондой эле кошумча түрдө (*.pdf) форматында элекрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө жана КР БШК тарабынан бекитилген формада КР БШКга берет.
Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө АШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы менен аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырган учурда да ушундай эле маалымат жөнөтүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмесине төмөндөгү жарандар киргизилбейт:
- добуш берүү күнүнө карата 18 жаш куракка чыкпагандар;
- биометиркалык каттоодон өтпөгөндөр;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;
- каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө акты жазуусундагы мамлекеттик каттоонун негизинде).
2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө КБМКдан алынып, бир учурда СӨМ тарабынан “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат.
3) Добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13-1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелери бирдиктүү шайлоо округу жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча түзүлөт:
1) СӨМ добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календардык күн мурда бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды КБМРден ШЭБТга жүктөө, андан ары ШЭБТдан “Тизме” мамлекеттик порталына жүктөө менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.
СӨМ добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календардык күн мурда бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган, жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоосу бар жарандар жөнүндө маалыматтарды КБМРден ШЭБТга жүктөө, андан ары ШЭБТдан «Тизме» мамлекеттик порталына жүктөө менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.
СӨМ түзүлгөн алдын ала тизмелерди «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, ошондой эле кошумча түрдө (*.pdf) форматында элекрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө жанаКР БШК тарабынан бекитилген формада КР БШКга берет.
Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө ОШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы менен аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырган учурда да ушундай эле маалымат жөнөтүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмесине төмөндөгү жарандар киргизилбейт:
- добуш берүү күнүнө карата 18 жаш куракка чыкпагандар;
- биометиркалык каттоодон өтпөгөндөр;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;
- каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө акты жазуусундагы мамлекеттик каттоонун негизинде).
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесине тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп эсептелбеген жарандар киргизилбейт.
2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө КБМКдан алынып, бир учурда СӨМ тарабынан «Тизме» мамлекеттик порталында жайгаштырылат.
3) Добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө:
1) СӨМ добуш берүү күнүнө чейин 55 (элүү беш) календардык күн мурда паспортто/паспорттун электрондук чипиндеги жазууда көрсөтүлгөн дарекке ылайык, шайлоо участокторунун чек араларын эсепке алуу менен, 18 жаш куракка чыккан, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды КБМРден ШЭБТга жүктөө, андан ары ШЭБТдан «Тизме» мамлекеттик порталына жүктөө менен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзөт.
СӨМ түзүлгөн алдын ала маалыматтарды «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, ошондой эле кошумча түрдө(*.pdf) форматында элекрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө жана КР БШК тарабынан бекитилген формада КР БШКга берет.
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана тактоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамга ылайык электрондук кол коюу менен ырасталган маалыматтарды ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу шайлоо комиссиясына берет.
Мында электрондук кол тамга коюлган электрондук алып жүрүүчүдө АШК/УШК боюнча шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык курамы менен аналитикалык маалымат жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырган учурда да ушундай эле маалымат жөнөтүлөт.
Шайлоочулардын тизмесине төмөндөгү жарандар киргизилбейт:
- шайлоолор өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналбагандар (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен аныкталат);
- добуш берүү күнүнө карата 18 жаш куракка чыкпагандар;
- биометиркалык каттоодон өтпөгөндөр;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандар;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде тургандар;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар;
- каза болгондор (өлгөндүгү жөнүндө акты жазуусундагы мамлекеттик каттоонун негизинде).
2) Түзүлгөн алдын ала тизмеси тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарга тиешелүү тактоо киргизүү, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, шайлоочунун туулган датасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча автоматтык түрдө КБМКдан алынып, бир учурда СӨМ тарабынан "Тизме" мамлекеттик порталында жайгаштырылат.
3) Добуш берүү күнүнө чейин 50 (элүү) календардык күн мурда КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгарат жана шайлоочуларга тааныштыруу жана шайлоочулардын тактап алуусу үчүн участоктук шайлоо комиссияларына берет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15.Шайлоочулардын мамлекеттик эсеби КБМРде камтылган маалыматтардын негизинде КР БШК тарабынан ишке ашырылат.
Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмеси шайлоолордун аралыгындагы мезгилде ай сайын, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат.
Шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмеси КБМРде камтылган маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырууга жатат.
СӨМ шайлоо өткөрүү мезгилинде – күн сайын, ал эми шайлоолор аралыгында – ай сайын 5–числодон кеч эмес, ШЭБТга жүктөө үчүн төмөндөгү жарандар жөнүндө КБМРдегы маалыматтарды жаңылап турат:
- 18 жаш куракка чыккандар;
- КР жаранынын паспортун алгандар;
- биометрикалык каттоодон өткөндөр;
- паспортто/паспорттунэлектрондук чипиндеги жазууда көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин, жана/же дарек-маалымдама бюросундагы каттоо фактысы боюнча жашаган жеринин дарегин алмаштыргандар;
- каза болгондор;
- КР жарандыгынан чыккандар.
ШЭБТга киргизүү үчүн СӨМ тарабынан берилген маалыматтарды актуалдаштырууда кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө мурдагы актуалдаштырууга салыштырууда (4-тиркемеге ылайык) ОШК/АШК/УШК боюнча КБМР маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген/чыгарылган шайлоочулар тууралуу маалыматтар менен бирге аналитикалык маалымат берилет.
Добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күндөн мурда СӨМ шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу үчүн КБМР маалыматы боюнча шайлоочулар тууралуу маалыматтарды КР БШКга берүүнү токтотот.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Добуш берүү күнүнө чейин 35 (отуз беш) календардык күндөн кечиктирбестен КР БШК шайлоочулар тууралуу актуалдаштырылган маалыматтар камтылган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт. Контролдук тизме тийиштүү участок боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен тышкары башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 токтому менен күчүн жоготкон)
18. (КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 токтому менен күчүн жоготкон)
19. (КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 токтому менен күчүн жоготкон)
20. Шайлоо өткөрүү мезгилинде СӨМ арыз бергенде жана добуш берген күнүшайлоочуларды биометиркалык идентификациялоону программалык камсыз кылууну техникалык жактан колдоону камсыз кылат.
Программалык камсыз кылууга жумшалуучу чыгымдарды СӨМ менен келишимдик негизде КР БШК жүргүзөт жана шайлоолордун сметасына киргизет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497, 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Шайлоочулардан келип түшкөн арыздар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтар иштелип чыккандан кийин жана КБМРде камтылган маалыматтар менен шайлоочулардын тизмеси актуалдаштырылгандан кийин КР БШК шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497 токтомунун редакциясына ылайык)
22. КР БШК шайлоо участоктору боюнча разнарядкага ылайык шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплектилеринин зарыл санын алдын ала текшерүү жана даярдоо, алардын үзгүлтүксүз иштеп турушу боюнча ишти уюштурат жана жүргүзөт.
23. Добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күн мурда:
1) КР БШК шайлоочуларды иденттештирүү жабдыктарынын комплектилерин даярдоо үчүн электрондук форматта шайлоочулардын биротоло тизмелерин СӨМГө берет;
2) СӨМ шайлоочуларды иденттештирүү боюнча программалык камсыздоону серверлерге жана клиент ноутбуктарына орнотууну камсыздайт, ошондой эле ШЭБТ жөнүндө Жободо бекитилген формада ар бир шайлоо участогу боюнча биометрикалык маалыматтары менен бирге шайлоочулардын биротоло тизмелерин серверлерге жүктөйт.
4) БШК шайлоочулардын жеке маалыматтарына биометрияны байланыштыруу менен үзгүлтүксүз иштеп турушуна иденттештирүү жабдыктарын комплекстүү текшерүүнү жүргүзөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Шайлоочуларды иденттештирүү боюнча жабдыктардын комплектилерин берүүнү-кабыл алууну, алардын оң иштешин, зарыл санын текшерүүнү КР БШК кызматкерлери акт боюнча жүргүзөт.
25. КР БШК добуш берүү күнүнө чейин 3 (үч) календардык күн мурда иденттештирүү жабдыктарынын комплектилерин, чыгымдалуучу материалдарды жеткирүүнү камсыздайт жана иденттештирүү жабдыктарынын сакталышы менен бүтүндүгүн камсыздоо үчүн аларды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өткөрүп берет.
Шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында иденттештирүү жабдыктарын кабыл алуу, сактоо жана УШКларга жеткирүү боюнча штаб түзүлөт. Штабдын курамына округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, СӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Добуш берүү аяктагандан кийин СӨМ шайлоолорго катышкан шайлоочулардын тизмесин түзөт жана токтоосуз түрдө анын электрондук версиясын ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык КР БШКга берет.
Чет өлкөлөрдө уштурулган шайлоо участокторунда шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык КР ТИМден түшкөнүнө жараша СӨМ тарабынан жүктөлүп, түшкөнүнө жараша КР БШКга берилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен шайлоочулардын тизмесинде камтылган жеке маалыматтарды жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
3. Башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү тартиби
28. Стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, камак жайларында шектүү жана айыпкер катары камакта жаткан шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн жогоруда аталган мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жыл сайын 1-февралга жана 1-августка карата бул шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
(КР БШКнын 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар 3-тиркемеге ылайык формада маалыматтарды берет.
30.Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 85 (сексен беш) календардык күндөн кечиктирбестен КР ТИМ Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык КР БШКга берет.
Мында КР ТИМ 18 жаш куракка чыккандыгын, биометрикалык каттоосунун бар экендигин, Кыргыз Республикасынын жарандыгын, берилген маалыматтардагы шайлоочулардын ПИН тактыгын текшерет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү учурунда КР ТИМ аркылуу консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана (1а тиркемесине ылайык) биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтарды күн сайын КР БШКга берет.
Добуш берүү күнүнө чейин 12 (он эки) календардык күндөн мурда КР ТИМ ушул пунктта көрсөтүлгөн шайлоочулар тууралуу маалыматтарды КР БШКга берүүнү токтотот.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар КР БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү үчүн СӨМгө добуш берүү күнүнө чейин 85 (сексен беш) календарлык күн калганда берет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери добуш берүү күнүнө чейин 15 (он беш) календардык күн мурда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо, шайлоо даректерин алмаштыруу жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
(КР БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы №497 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүнү даярдоодо жана өткөрүүдө КР ССМ, КР УКМК, ЖАК, КР КМ, КР ИИМ үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканалардын (вахталык иштердин) жетекчилери добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта болгон жерлерде, үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскер бөлүктөрүндө турган башка адамдар тууралуу маалыматтарды түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 (он эки) календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү УШКга берет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы №666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканалардын (вахталык иштердин) жетекчилери добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта болгон жерлерде, үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскер бөлүктөрүндө турган башка адамдар тууралуу маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалар, аскер бөлүктөрү) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө 12 (он эки) календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Мында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: шайлоочунун инсандыгын тастыктаган документтеги электрондук чипте көрсөтүлгөн/жазылган ПИН, ФАА, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги, мекеменин аталышы, шайлоочу кармоодогу (турган) мекеменин жетекчисинин колу жана мөөрү. Маалыматтар ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук жана кагаз түрүндө тийиштүү шайлоо комиссияларына берилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 666, 2024-жылдын 17-сентябрындагы №129, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Корутунду жоболор
36. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар түрдүү формаларын ишке ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилери шайлоочулар жөнүндө өз учурунда эмес, так эмес, толук эмес, анык эмес жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматтарга кирген маалыматтарды жарыя кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдырна ылайык жоопкерчилик тартат.
37. Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо КР БШКнын токтому менен киргизилет
1-тиркеме
КР ТИМ аркылуу добуш берүү күнүнѳ чейин
85 календардык күн мурда КР БШКга берилет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫ ЖАШАГАН ЖАНА ЖҮРГӨН, КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ (УБАКТЫЛУУ КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ) КИРГЕН ШАЙЛООЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР
«____»_______________ 20 __ж.
Кыргыз Республикасынын элчилиги (дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү, консулдук мекемелери)
________________________________________________________________________(орун алган ѳлкѳнүн аталышы)
УШК № _______
|
№ п/п |
Жеке идентификациялык номери (ЖИН) |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
Туулган датасы (күнү, айы, жылы) |
|
|
|
||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык ѳкүлчүлүгүнүн,
консулдук мекемесинин жетекчиси _____________________________
(колу)
М.О.
1а-тиркеме
Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде КР ТИМ күн
сайын КР БШКга жөнөтөт
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫ ЖАШАГАН ЖАНА ЖҮРГӨН, КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ ТУРГАН (УБАКТЫЛУУ КОНСУЛДУК ЭСЕПКЕ АЛУУ) ЖАНА БИРИНЧИ ЖОЛУ БИОМЕТРИКАЛЫК КАТТООДОН ӨТКӨН ШАЙЛООЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
«___» ______________ 20 __ж.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин аталышы
_________________________________________________________________
(орун алган ѳлкѳнүн аталышы)
№ УШК _______
|
№ к/н |
Жеке идентификациялык номери (ЖИН) |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
Туулган датасы (күнү, айы, жылы) |
Консулдук (убактылуу консулдук) каттоого коюлган күн |
Биометрикалык каттоодон өткөн күн |
Кыргыз Республикасынын
чет өлкөдөгү мекеменин жетекчиси
____________________ (ФАА)
М.Ө. (колу)
2-тиркеме
CӨМ тарабынан шайлоолордон кийин 3 календардык
күндѳн кечиктирбестен КР БШКга берилет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН (БИРДИКТҮҮ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА/ БИР МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА) / ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО КАТЫШКАН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН / РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШКАН КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
«______» ___________________ 20_________ жыл
__________________________________________________________________
округдук/аймактык шайлоо комиссиясы
|
№ к/н |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
|
1 |
|
|
2 |
|
|
3 |
|
|
4 |
|
|
5 |
|
|
6 |
|
|
7 |
|
|
8 |
|
|
9 |
|
|
10 |
|
|
11 |
|
Шайлоо участогунун №
___________________________________________________________________________________
(добуш берүү үчүн участоктун номери жана жайгашкан жеринин дареги)
3-тиркеме
Добуш берүү күнүнѳ чейин 12 календардык
күндѳн кечиктирбестен КР БШКга берилет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ ЖОГОРКУ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО ШАЙЛООЧУЛАР / РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШУУЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР
«______» ___________________ 20__ жылга
__________________________________________________________________
(мекеменин, аскер бѳлүгүнүн аталышы)
№ УИК _______
|
№ п/п |
Жеке идентификация-лык номери (ПИН) |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
Туулган датасы (күнү, айы, жылы) |
Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу каттоосу боюнча) |
|
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
Мекеменин жетекчиси / аскер бѳлүгүнүн командири
___________________________________ ________________________
- (ФАА) М.О. (колу)
Шайлоочулардын ушул тизмесинде № +1 барак
- М.О. ____________
ФАА жана АШКнын тѳрагасынын колу Датасы
4-тиркеме
КР БШКга шайлоону жана референдумду
даярдоо жана өткөрүү мезгилинде - күн сайын
шайлоолор аралык мезгилде-ай сайын
5-күндөн кеч эмес
СӨМ жөнөтөт
КАЛКТЫН БИРДИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИНИН МААЛЫМАТТАРЫ БОЮНЧА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНЕ
КИРГИЗИЛГЕН / ЧЫГАРЫЛГАН ШАЙЛООЧУЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
«___» ______________ 20 ___ ж.
|
№ к/н |
Жеке идентификациялык номери (ЖИН) |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
Туулган датасы (күнү, айы, жылы) |
Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу каттоосу боюнча)/катталган датасы) |
Шайлоочу чыгарылды (АШК/№УШК) |
Шайлоочу катталды (АШК/№УШК) |
|
1 |
||||||
|
2 |
||||||
|
3 |
||||||
|
4 |
КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги __________________ (ФАА) М.О. (колу)
