Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 40 токтому менен бекитилген
Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү - чектелүү - адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген тикелей жана жашыруун эрк билдирүү аркылуу бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга укуктуу, ошондой эле референдумдарга катышууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар шайлоочуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.
4. Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО), мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле алардын кызмат адамдары майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.
6. Бул багыт боюнча иштерди координациялоо региондордо Борбордук шайлоо комиссиясынын округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын алдындагы атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.
7. Бул Жободо шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн майыптыгы бар шайлоочулардын төмөнкүдөй категорияларына карата шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнгө салынат:
– сокур жана начар көргөн шайлоочулар өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган көрүүсү бузулган адамдар;
– дүлөй жана начар уккан шайлоочулар - өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган угуусу бузулган адамдар;
– таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар - өз алдынча кыймылдоосу чектелиши менен байланышкан бузулуусу бар адамдар.
8. Шайлоо комиссияларынын майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн учурунда баарлашуунун этикалык ченемдери: урматтоо, гумандуулук, кичи пейилдик, сылыктык, сабырдуулук, медициналык сырды жарыя кылбоо, жарандын жеке турмушунун чөйрөсүнө кийлигишпөө сакталууга тийиш.
9. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
Майыптыгы бар шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- добуш берүү жайга жеткиликтүүлүк - добуш берүү жайда жана анын ичинде кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн көмөкчү каражаттардын болушуна физикалык тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоочу шарттардын болушу;
- шайлоо участкасына жеткиликтүүлүктү камсыздоо
- мамлекеттик органдар, жеткиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан алардын менчигинде же карамагында (ведомстволуук караштуулукта) турган инфратүзүм объектилеринин жабдыктарын майыптыгы бар шайлоочулар үчүн башка жарандар менен бирдей эле объектилерге эркин жеткиликтүүлүктү камсыздаган атайын көмөкчү жөлөгүчтөр менен жабдуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү;
- муктаждык картасы - майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүн шайлоо участкалары боюнча көрсөтүү менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн таблица;
- чоңойтуучу айнек (лупа) - шайлоо документтерин толтуруу учурунда колдонулуучу, текстти чоңойтууга арналган оптикалык прибор;
– Брайль ариби - талапкерге, саясий партияга же болбосо “Баарына каршы” позициясына туура келген тиешелүү белги үчүн бюллетенде бош чарчыларга дал келген тешиктери бар атайын ариб;
– социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруучу адис;
– факсимилдик кол (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз алдынча өз колун коюу мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүсүнүн бузулушу, манжаларынын жоктугу, кыймылын координациялоонун бузулушу, шал болуу) майыптыгы бар адамдардын өз колун алмаштырган, атайын даярдалган штамп (клише).
2. Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу. Алардын активдүү шайлоо укугун камсыз кылуу
10. Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайга максималдуу мүмкүн болуучу жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен майыптыгы бар шайлоочулардын керектөө картасын түзүшөт. Анын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Муктаждык картасынын формасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- майыптыгы бар шайлоочулардын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү, жеке иденттештирүү номери, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги) жөнүндөгү маалыматтарды;
- майыптуулугунун категориясы (I, II, III тобу) жана бузулуулардын түрлөрү (угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушу);
- майыптыгы бар шайлоочулардын башка зарыл керектөөлөрү жөнүндө эскертмени.
11. Муктаждык картасы майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участкасында өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго конкреттүү жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.
12. Майыптыгы бар шайлоочулардын эсепке алуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн айдын 10унан кечиктирбестен ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты берип турууга милдеттүү.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын өкүлү тиешелүү аймакта жашаган майыптыгы бар жарандар жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талапты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтөт.
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү муктаждыктардын карталарын дайыма тактоону жана жаңылоону жүргүзөт.
15. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү калктуу конуштар боюнча көрсөтүлгөн формада суралган маалыматтарды берет.
16. Тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиялары берилген маалыматтардын негизинде шайлоо участоктору боюнча муктаждыктардын аймактык, райондук маалыматтык картасын түзөт, андан соң аны участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.
17. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК) тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын алгандан кийин добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн орун-жайлардын майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүнө жана маалымат берүүчү материалдардын жеткиликтүү болушуна ылайык келтирүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптуулугу бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү жүргүзөт.
18. Добуш берүү үчүн орун-жай майыптыгы бар шайлоочулардын кирүүсү үчүн атайын көмөкчү жөлөгүчтөр менен жабдылбаган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен майыптыгы бар адамдардын добуш берүүсү үчүн орун-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн тиешелүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөтөт.
19. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле алардын кызмат адамдарына шайлоо комиссиялары кайрылган учурда токтоосуз тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
20. Добуш берүүчү жай, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарына жана тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү үчүн мыйзамда белгиленген стандарттарга жооп бериши керек, анын ичинде ыңгайлуу кирүү жана жөө жүрүү жолдору, жеке унаалар үчүн атайын токтоочу жайлар, имараттардын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайларды жайгаштыруу же лифттердин, кеңири эшиктердин болушу, пандустардын болушу (эгерде пандус орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу кнопкасы менен жабдылышы), төшөлмөлөрдүн, тактилдик көрсөтмөлөр, жетиштүү жарыктандыруунун болушу зарыл.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, кабиналар жана автоматтык эсептөөчү урналар), ошондой эле маалымат стенддери майыптардын коляскасы менен жүргөн же өз алдынча басып жүрүүсү оор шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай жайгаштырылышы керек.
21. Участкалык шайлоо комиссиялары башка шайлоочулар менен катар таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган, кыймылдоо үчүн коляскаларды пайдаланган добуш берип жаткан добуш берүү үчүн жайларда шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу аркылуу эрк билдирүү учурунда ыңгайлуулуктарды камсыз кылуу үчүн атайын кабинаны (бийиктиги 75 сантиметрден ашпаган атайын жабдылган башка орунду) орнотууга милдеттүү.
22. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн жашыруундугун камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга жана жасалууга тийиш.
23. УШКнын мүчөлөрү добуш берүү тартибинин маселелери жөнүндө көрүүсү боюнча майыптыгы бар шайлоочуларга консультация берип, шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоодо жардам бере алат.
24. Шайлоочулардын тизмесинен майыптыгы бар шайлоочуларды тактоо “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” Жобого ылайык жүргүзүлөт.
25. Участкалык шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочулар жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (муктаждыктардын карталары) алгандан кийин алар добуш бере турган жер (добуш берүү үчүн жайда же шайлоо участогунун добуш берүү үчүн жайынан тышкары) жөнүндө жана добуш берүүдө аларга көмөктөшүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматтарды тактайт.
26. Бул маалыматтарды алууда шайлоо комиссияларына УШКнын суроо-талабы боюнча социалдык кызматкерлер көмөк көрсөтө алат.
27. Шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бирден кем эмес талапкерди – майыптыгы бар адамды киргизүүгө милдеттүү.
3. Майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча ишти уюштуруу
28. Маалыматтын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында шайлоону маалымат менен камсыз кылуу боюнча иштердин планын даярдоодо шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
29. Шайлоо комиссиялары тиешелүү категориялардагы шайлоочулардын арасында маалымат материалдарын өз алдынча, ошондой эле социалдык коргоо органдарын, социалдык тейлөө уюмдарын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарын, сокурлар үчүн атайын китепканаларды, башка уюмдарды тартуу менен, материалдарды (макулдашуу боюнча) майыптыгы бар шайлоочулар алдын ала көп баруучу жерлерде (социалдык өнүктүрүү органдары, социалдык тейлөө уюмдары, Социалдык фонддун бөлүмдөрү, поликлиникалар, аптекалар, китепканалар, социалдык дүкөндөр ж.б.) жайгаштыруу менен тарата алат.
30. Шайлоо комиссиялары шайлоочулар менен байланыштын коомдук “шашылыш линияларынын” мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде шайлоо комиссияларынын факсимилдик, мобилдүү байланышын жана интернет-ресурстарын пайдалануу менен майыптыгы бар шайлоочуларга консультациялык, юридикалык жардам бере алат. Бул ишке майыптыгы бар коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартуу сунушталат.
31. Борбордук шайлоо комиссиясынын майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык материалдарды даярдоодо маалымдоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте азиз жана көзү начар көргөн шайлоочуларга маалымдоо үчүн радиоуктуруу тармагынын төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну карайт:
– шайлоо кампаниясы (шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо тартиби, добуш берүү убактысы жана орду, негизги шайлоо укуктары, шашылыш линиянын телефондору), шайлоого катышуучу талапкерлер, добуш берүү тартиби, бюллетенди толтуруу жана башка жол-жоболорду жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө маалымат материалдарын чыгарууну аудиоформатта (санариптик булактарда) даярдоо;
– окуу үчүн ыңгайлуу болгон, ошондой эле Брайл арибин пайдалануу менен басылган маалымат басылмаларын (баракчаларды) даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароо;
– текст файлдарын үн чыгаруучу же тактилдик сигналдарга өзгөртүүчү экрандык жеткиликтүүлүктүн компьютердик программалары орнотулган атайын жабдуусу (тифлокаражаттары) барсокурлар үчүн китепканалардын, атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
– пайдалануучу смс-билдирүүлөрдү алган учурда аларды үн сигналына өзгөртүүчү мобилдүү байланыштын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
32. Шайлоо кампанияларынын мезгилинде дүлөйлөрдү жана начар уккандарды маалымат менен камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүккө жараша жаңсап которууну же маалыматтык роликтерди субтитрирлөөнү жана телекөрсөтүүдөгү, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтык чыгарылыштарды жана тематикалык берүүлөрдү пайдаланууну кароо сунушталат.
33. Бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте кресло-коляскаларды колдонгон шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу үчүн шайлоо жөнүндө көрүнүп туруучу маалыматты көрсөтүлгөн категориядагы шайлоочулар аны менен кошумча күч жумшабастан тааныша алгыдай ачык жерлерде жайгаштыруу сунушталат.
34. Майыптыгы бар шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, аларды коомго интеграциялоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө, аймактык шайлоо комиссияларына майыптыгы бар адамдардын жергиликтүү коомдук уюмдары, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, социалдык тейлөө уюмдары, башка органдар жана уюмдар менен өз ара аракетте ар жылдагы негизде маалыматтык-түшүндүрүү ишин, анын ичинде көргөзмөлөрдү, форумдарды, ишкер жана ролдук оюндарды өткөрүү формасында жүргүзөт, ошондой эле атайын жалпы билим берүү уюмдарда, реабилитациялоо борборлорунда максаттуу аудиторияга адаптацияланган маалыматтык иш-чараларды өткөрөт.
35. Талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт жүргүзүүгө катышкан «макул», «каршы» топтору окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулуп басылган шрифт менен кол жаңсап которууну же субтитрлөөнү пайдалануу, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулар үчүн Брайль арибин же башка атайын каражаттарды үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда пайдалануу менен үгүт жүргүзүү материалдарын жарыялоого жана жайылтууга милдеттүү:
– сокур жана начар көргөн шайлоочулар үчүн - аудиоформаттагы, анын ичинде радиоуктуруу режиминдеги үгүт материалдарын, ири арип менен жана/же Брайль арибинин жардамы менен басылма үгүт материалдарын;
– дүлөй жана начар уккан шайлоочулар үчүн - субтитрлери жана/же жаңсап которуусу менен үгүт материалдарын (видеороликтерди).
4. Шайлоо участогунда майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүнүн тартиби
36. Майыптыгы бар шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилген жашаган жери боюнча шайлоо участогунда же болбосо добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда жайдан тышкары жерде (үйүндө) добуш берүүгө катыша алат.
37. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар ар бир жараны түздөн-түз шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу. Эгерде шайлоочуга шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ага кандайдыр-бир жардам талап кылынса, ал көмөк көрсөтүүгө (транспорт менен камсыз кылууга, пандустарды даярдоого жана башкаларга) жазуу жүзүндөгү арызды шайлоо күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүү менен бул жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана участкалык шайлоо комиссиясына алдын ала кабарлоого тийиш.
38. Шайлоо участогунда добуш берүү учурунда бюллетенди алуу үчүн шайлоочу өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти көрсөтөт. Ар бир шайлоочу жеке добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
39. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу факсимилдик колду пайдаланууга же бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, байкоочу, коомдук байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.
40. Шайлоочу шайлоо бюллетенин жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт, буга бюллетенди өз алдынча толтурууга шайлоочунун мүмкүнчүлүгү болбогон учурлар кирбейт. Мындай учурда шайлоочу башка адамдын жардамын пайдаланууга өзүнүн ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.
41. Майыптыгы бар шайлоочу пайдалануучу жашыруун добуш берүү үчүн кабина, жыйналма-ажыратма үчүн атайын шаймандардын болушун талап кылбаган жыйналма-ажыратма конструкция катарында болушу зарыл жана ага эки шайлоочу, референдумдун катышуучусу батышы үчүн кенен болууга тийиш.
42. Көрүүсү жагынан майыптыгы бар шайлоочулар чоңойтуучу айнекти (лупаны) же Брайль арибин пайдалана алат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүндө болот.
Көрүүсү жагынан майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн үгүт жүргүзүү тактасына атайын форматта даярдалган материалдар жайгаштырылат жана (же) шайлоо участкалары шайлоо өнөктүктөрү жөнүндө аудиоформатта (санариптик сактагычтарда) үгүт жүргүзүү материалдары менен (шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо тартибинде, добуш берүү убактысы жана жери, негизги шайлоо аракеттери, тез байланыш телефондору) жабдылууга тийиш.
43. Таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар, референдумдун катышуучулары добуш бериши болжолдонуп жаткан добуш берүү үчүн жайларда өлчөмдөрү полдон кеминде 180 см бийик, туурасы 80 см жана тереңдиги 100 см болгон жашыруун добуш берүү үчүн атайын кабина орнотулушу керек, ал бюллетенди толтуруу үчүн туурасы кеминде 40 см жана тереңдиги кеминде 30 см болгон, полдон 75 сантиметрден ашпаган деңгээлдеги бийиктикте жайгашкан орун (стол, текче, таканчык ж.б.) менен жабдылууга тийиш.
44. Угуусу жагынан майыптыгы бар көп сандаган шайлоочулар добуш бериши болжолдонуп жаткан шайлоо участокторуна тиешелүү уюмдардын көмөгү менен жаңсап которуучулар чакырылышы мүмкүн.
45. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини тааный албашы үчүн добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урна добуш берүү үчүн атайын жабдылган эң жакын кабиналардан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгашууга тийиш.
46. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда ката кетирдим деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна өзүнө жаңысын берүү өтүнүчү менен шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесиндеги анын фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коёт. Шайлоо бюллетени кайрадан бир гана жолу басып чыгарылат. Бузулган бюллетень жок кылынып, бул жөнүндө акт түзүлөт.
47. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар автоматтык эсептөөчү урналарга салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.
48. Бюллетенди автоматтык эсептөөчү урналарга салуу эрежелери жагынан кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, автоматтык эсептөөчү урананын жанында шайлоо бюллетенин салып жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат.
49. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга айлананы жабууга же автоматтык эсептөөчү урнага байкоо жүргүзүүгө башкача ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
5. Майыптыгы бар шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн тартиби
50. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесине киргизилген майыптыгы бар жарандарга алардын жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
51. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү майыптыгы бар шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн мурда саат 8ден саат 20га чейин гана жүргүзүлөт.
52. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилет. Арыз жеке өзү же жакын тууганы аркылуу берилет. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай турган себеп жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
53. Участкалык шайлоо комиссиясы жайдан тышкары жерде добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздарды реестрде каттайт жана жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин эки күн мурда жалпыга тааныштыруу үчүн илет.
54. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Идентификациялоодон кийин шайлоочуга чек жана тиешелүү шайлоо округунун бюллетени басып чыгарылат. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
55. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү учурунда ошондой эле ушул Жобонун 30, 31, 32-пункттарынын ченемдери сакталат.
56. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары, добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.
6. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
57. Шайлоо комиссиялары майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ишинде майыптыктын категориялары менен шартталган алардын өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш.
58. Добуш берүү үчүн жайга майыптыгы бар шайлоочу келген учурда эң оболу ал кандайдыр бир жардамга муктаж экендигин же жоктугун аныктоо керек.
59. Сокур болуп саналган шайлоочу менен баарлашууда аны коштогон адам менен эмес, түздөн-түз шайлоочу менен баарлашуу, шайлоочу менен маектешүүдө оозеки лексиканы пайдалануу сунушталат, добуш берүүчү жайда эскертүүсүз андан алыстоого жол берилбейт.
60. Угуусунун бузулушу бар шайлоочу менен иштөөдө түздөн-түз аны менен баарлашуу сунушталат, сөздөрдү түшүнүктүү жаңсоолор, добуш берүү жол-жобосу менен байланышкан тактоочу аракеттер менен толуктоого болот. Мындай шайлоочулар менен жазуу жүзүндө да же болбосо жаңсап которуучу аркылуу баарлашууга болот.
61. Сокур-дүлөй болуп саналган шайлоочулар менен иштөөдө тифложаңсап которуучу аркылуу баарлашуу сунушталат.
62. Таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочу менен иштөөдө отургучту сунуш кылуу же шайлоочуларды каттоо үчүн болбосо принтери бар идентификациялоочу бюллетендерди берүү үчүн, жашыруун добуш берүү үчүн кабинага (орунга), добуш берүү үчүн жайдан чыга беришке чейин коштоону сунуш кылуу зарыл. Зарыл учурларда автотранспортко олтурууда көмөк көрсөтүү керек.
7. Корутунду жоболор
63. Шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты майыптыгы бар шайлоочуларга жеткирүү, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдары, башка органдар жана уюмдар, социалдык кызматкерлер аркылуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты аркылуу жеткирүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
