Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын 

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 

2025-жылдын 1-августундагы № 48

токтому менен бекитилген

 

Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

3. Ушул Жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, референдумду өткөрүүдө даярдык көрүүгө колдонулат жана жайылтылат.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен шайлоо жана шайлануу укуктарын ишке ашырышат.

Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

Президентти шайлоодо жана референдумда Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар, референдумдун катышуучулары бирдиктүү республикалык шайлоо округуна киргизилген болуп деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргɵн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына таандык кылынат.

5. Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону, референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана консулдук (убактылуу консулдук) каттоодон жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери түзөт, тышкы иштер маселелери боюнча мамлекеттик орган (мындан ары – Тышкы иштер министрлиги) аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шайлоо участкаларына орнотуу үчүн зарыл болгон шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулардын санын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берет.

Кыргыз Республикасынын тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде күн сайын консулдук (убактылуу консулдук) каттоодон жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына берип турат.

Добуш берүү күнүнө 12 календардык күн калганда Тышкы иштер министрлиги ушул пунктта көрсөтүлгөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүүнү токтотот.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу каттоо жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында аралыктан добуш берүү тартиби колдонулушу мүмкүн. Бул тартип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган жарандар шайлоого укуксуз.

7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча аккредиттөөчү өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында түзүлгөн шайлоо участкаларында добуш беришет.

 

2. Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин иш-аракеттери

8. Шайлоо учурунда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары Тышкы иштер министрлиги тарабынан өзүнүн чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу камсыз кылынат.

9. Чет өлкөдөгү мекемелердин жетекчилери:

биометрикалык каттоодон өткөн жана (убактылуу консулдук) консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулардын эсебин жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуусун ишке ашырылат жана аларды калкты каттоо жана документтештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет;

– Мыйзамдын талаптарына ылайык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө көмөктөшүү менен, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында шайлоо участкаларын түзүү боюнча ишти уюштурат, аларды жайгаштыруу жана жабдуу үчүн жайларды бөлүп берет;

Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык –түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, Тышкы иштер министрлигинин, чет өлкөдөгү мекемелердин расмий сайттарында жана маалыматтык аянтчаларында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкалары, чет өлкөдө жашаган же жүргөн жарандардын шайлоого катышуу тартиби, шайлоого катышкан талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну камсыздайт;

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларына, анын ичинде шайлоо документтерин, добуш берүү үчүн жабдууларды жана башка уюштуруу–техникалык маселелерди жеткирүүдө көмөк көрсөтөт (байланышты камсыздоо жана башкалар);

Кыргыз Республикасынын шайлоолорун, референдумун даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо процессинин субъекттерине бирдей шарттарды түзөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоолорду, референдумду уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү

10. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо, референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участкалары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарынын тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан Тышкы иштер министрлигинин аккредиттеген өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашылган сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине түзүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

11. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, бир участоктогу шайлоочулардын чектик санына тиешелүү норма (3000), эреже катары, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбайт.

12. Эгерде бир аймакта Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны мыйзамдарда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе, Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредиттеген өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча бир имаратта эки же андан көп шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.

13. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын, эреже катары, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аккредиттелген чет өлкөдөгү мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн сайттарына алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.

 

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссияларын түзүү
жана алардын иштɵɵ тартиби

14. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Президентти шайлоо жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аткарат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча Бишкек шаары боюнча округдук шайлоо комиссияларынын бирине жүктөлөт.

15. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Президентти шайлоодо, референдум өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссиялары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, ал эми Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо – Бишкек шаары боюнча тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине түзүлөт.

16. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу,
“Кыргыз Республикасын
ын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын шайлоо комиссияларынын сандык жана сапаттык курамы бөлүгү участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө колдонулбайт.

17. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган же жүргөн жарандардын, чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлеринин, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлүшү мүмкүн.

18. Участкалык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы ɵткɵн күндөн башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган учурда токтотулат.

5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги шайлоочулардын тизмеси

19. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, биометрикалык каттоодон өткөн жана (убактылуу консулдук) консулдук каттоодо турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасы, түрү жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик актысы менен аныкталат.

20. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда “Тизме” мамлекеттик порталына жарыяланат.

6. Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу

21. Шайлоочу жана референдумдун катышуучусу кандайдыр бир ката же так эместик тапканда, ошондой эле алдын ала шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана мамлекеттик порталдагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациядан өтүп, электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу.

Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын контролдук тизмеси добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүү күнүнө 7 календардык күндөн кечиктирилбестен “Тизме” мамлекеттик порталында жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочу Тизме шайлоочулардын мамлекеттик порталында шайлоочунун жана референдумдун катышуучуларынын алдын ала, контролдук жана акыркы тизмелеринде өзүн текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

7. Шайлоо документтерин жана жабдууларын алуу жана жеткирүү

22. Тышкы иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жабдууларын (принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдү, автоматтык эсептөөчү урналарды) жана документтерди жеткирүүнү уюштурат.

23. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү тренингдерди уюштурат:

добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби боюнча;

шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыздарды кабыл алууда жана иштетүүдө шайлоочуларды идентификациялоо тартиби боюнча;

- принтери бар идентификациялоочу түзүлүштү пайдалануу боюнча;

автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу боюнча;

шайлоо комиссияларынын ишине байланыштуу башка маселелер боюнча.

24. Автоматтык эсептөөчү урналарды, шайлоо документтерин жана принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр комплекттери менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларына, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Акт боюнча өткөрүлүп берилет.

25. Шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин автоматтык эсептөөчү урналар жана принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр комплекттери менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы, мүчөсү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери тарабынан Акты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкерине өткөрүлүп берилет.

8. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштуруу

26. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо күнү добуш берүү участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн мамлекеттин жергиликтүү убактысы боюнча саат 08.00дөн 20.00гө чейин өткөрүлөт.

27. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттары же башка ыкмалар аркылуу, ал эми мөөнөтүнөн мурда жана кайрадан добуш берүү өткөрүлгөндө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

28. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү жоболоруна жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

9. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун өткөрүп берүү

29. Добуш берүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтөт.

Шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендерин иргөө башталаарын жарыялайт, мөөрүнүн (пломбасынын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн урнаны ачат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо бюллетендерин иргөөдөн кийин аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлүп, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү кол коёт жана кол коюлган күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) көрсөтүлөт.

Автоматтык эсептөөчү урналарды жана принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдү колдонуу процессинде талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сүрөткө тартууга, киного, видеого тартууга укуктуу.

30. Шайлоого катышуунун жыйынтыгы жарыялангандан кийин, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналар жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу отчеттору участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт (сканерленген версиясы).

Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду туура эмес толтурган учурда, участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү акты түзөт, ал дагы сканерленип, жаңыдан толтурулган жана кол коюлган аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколдун туура толтурулушуна дал келгендиги текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.

31. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тиешелүү участка боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасы ага кол коюлгандан кийин шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, алар боюнча кабыл алынган чечимдер менен арыздар (даттануулар), участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актылар, автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясына 7 календардык күндөн кечиктирилбестен жеткирилет.

10. Финансылык каржылоо

32. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторунда добуш берүүнү уюштурууга байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасынын чегинде жүргүзүлөт. Каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары менен белгиленет.

33. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо комиссиялары шайлоолорду, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө кеткен каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетту шайлоо өткөрүлгөндөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен Тышкы иштер министрлигине беришет.

34. Тышкы иштер министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту шайлоо өткөрүлгөндөн кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

35. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескешет жана финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын чечимдерине финансылык документтердин шайкештиги, мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте финансылык отчетторду берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

11. Форс-мажордук жагдайлар

36. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн окуудан өтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына келишине, жабдууларды, шайлоо документтерин жеткирүүгө тоскоолдук кылган форс–мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлиги, калкты каттоо жана документтештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, административдик ведомстволору менен өз ара аракетте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрөт.