Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 29-августундагы
№ 65 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары - конституциялык Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун жана жүргүзүүнүн, талапкерлердин шайлоо фонддордун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкерлер, ошондой эле көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн өздүк шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.
3. Талапкердин же саясий партиянын шайлоо фонду конституциялык Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн каражаттардын, атап айтканда төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:
– талапкердин же саясий партиянын өз каражаттарынан;
– жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан.
4. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банк мекемесиндеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер же саясий партия тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен ачылат.
5. Банк мекемелеринин же мобилдик тиркемелердин тизмесин, көрсөтүлгөн эсептерди ачуу жана жүргүзүү тартибин, шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы банк мекемелери же башка мекемелер менен макулдашуу аркылуу белгилейт.
6. Талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо фондун түзүү, шайлоо кампаниясын каржылоо, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана сарпталышын мыйзамдуулугун эсепке алуу жана көзөмөлдөө, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча каржылык отчеттуулукту даярдоо жана тапшырүү маселелерин чечүү үчүн каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмеси, анын ичинде каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн тизмеси талапкер же саясий партия тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына милдеттүү түрдө берилет. Тизмеде төмөнкү маалыматтар сөзсүз түрдө көрсөтүлүүгө тийиш: ыйгарым укуктары, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, паспортунун сериясы жана номери, берилген күнү, жашаган жери, негизги иш же кызмат орду, ээлеген кызмат орду (эгерде негизги иши же кызмат орду жок болсо - кесиби), байланыш телефону, электрондук почта дареги.
Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө маалыматта кошумча түрдө каржылык документтерге кол коюу укугу көрсөтүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү тизмеге тизмеде көрсөтүлгөн ар бир адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга макул экендиги тууралуу билдирүүсү милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл болгон документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Талапкердин же саясий партиянын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталып, каттоо күбөлүгү берилген учурдан тартып дайындалган деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктары менен милдеттерин жүзөгө ашырууга укук алат.
8. Талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалыматтар, ошондой эле банк мекемесинде ачылган шайлоо фондунун атайын эсебинин номери талапкер тарабынан, талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машина окуй турган түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
9. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 20 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
10. Шайлоо фонддорунун каражаттарын пайдалануу укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
11. Каттоодон өткөндөн кийин талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өз шайлоо фонддорунун ачык эсептерин шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн жүргүзүүнү улантышат.
12. Талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
13. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, ыктыярдуу кайрымдуулуктарга жана аталган фонддорго которулган каражаттарга, ошондой эле аталган фонддордон чыккан чыгымдарга салык салуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
2. Шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жабуу тартиби
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясы жана округдук шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде көп мандаттуу шайлоо округунан талапкерлерден арыздарды, билдирүүлөрдү кабыл алууга, аларга шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу боюнча уруксат (маалымкат) берүүгө укуктуу.
15. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин шайлоо фондун түзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына же тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу жөнүндө арызды, шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу, финансылык документтерге кол коюуга укугу бар адамдардын ысымдарын жана маалыматтарын көрсөтүү менен жөнөтүүгө тийиш (ушул Жобонун тиркемесиндеги №1-формага ылайык).
Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу жөнүндө арызды, шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу, каржы документтерине кол коюуга укугу бар адамдардын аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен жөнөтүүгө тийиш (ушул Жобонун тиркемесиндеги №1-формага ылайык).
16. Шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн керектелген документтер (ушул Жобонун тиркемесиндеги №1-формага ылайык), Борбордук шайлоо комиссиясына (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына) берилгенде төмөнкүлөр менен тастыкталууга тийиш:
– көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүп жаткан талапкердин колу;
– талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү;
– талапкердин же саясий партиянын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу (эгер дайындалган болсо).
17. Борбордук шайлоо комиссиясы (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы) талапкерге же саясий партияга шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсебин ачууга уруксат берүүчү жазуу жүзүндөгү уруксатты (маалымкат) дароо берүүгө милдеттүү (ушул Жобонун тиркемесиндеги №2-формага ылайык).
18. Борбордук шайлоо комиссиясынан (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясынан) №2 формадагы атайын эсеп ачууга жазуу жүзүндөгү уруксатты (маалымкатты) алгандан кийин, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачат.
Талапкер же саясий партия өз шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ача алат.
Талапкер же саясий партия шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсепти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемесинде ачат.
19. Атайын эсепти ачуу банк мекемеси талап кылган документтерди жана Борбордук шайлоо комиссиясы (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы) берген төмөнкү документтерди бергенден кийин банк мекемеси тарабынан ишке ашырылат:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясынын) №2-формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты (ушул Жобонун тиркемесиндеги №2-формага ылайык);
2) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү (эгер дайындалган болсо);
3) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгер мындай өкүл дайындалган болсо).
20. Көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер өзү (эгерде каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо) же талапкердин, саясий партиянын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү атайын эсеп ачылган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына (тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына) атайын эсептин реквизиттерин № 3-формага ылайык жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
21. Шайлоо фондунун атайын эсебин тейлөөнүн бардык шарттары банктык эсепти тейлөөгө түзүлгөн келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.
22. Шайлоо фондунун атайын эсеби талапкер, саясий партия тарабынан жыйынтыктоочу каржылык отчет берилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча банк мекемеси тарабынан жабылат.
3. Шайлоо фонддорун каржылоонун булактары
23. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 15 000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 1 000 000 эседен ашпаган саясий партиянын өз каражаттарынан;
3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2 000 эседен ашпаган жеке жактардын кайрымдуулук каражаттарынан;
4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30 000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге эсептик көрсөткүчтөн 200 000 эседен ашпайт.
Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн бир талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана сарпталган акча каражаттарынын чектик суммасын эсептөө формуласы:
S1=ТӨК1 + СПӨК1/N + (ЖКС + ЮЖКС)/N, мында
S₁ – бир талапкердин шайлоо фондусуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чеги < = 200000 эсептик көрсөткүчтөн көп болбошу керек. (мындан аары- э.к.);
ТӨК₁ – талапкердин милдеттүү түрдө өз каражаты болушу керек,<15000 э.к.;
СПӨК₁ – саясий партиянын милдеттүү түрдө өз каражаты болушу керек,<1000000 э.к./ N;
ЖКС – жарандардын жалпы кайрымдуулук суммасы, 1 жаран үчүн < 2000 э.к.;
ЮЖКС – юридикалык жактардын жалпы кайрымдуулук суммасы, 1 юридикалык жак үчүн<30000 э.к.);
N – саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны.
Ошентип, саясий партиянын шайлоо фондунун жалпы максималдуу суммасы төмөнкү формула менен эсептелет:
SN = сумма ТӨК + СПӨК + ЖКС + ЮЖКС мында:
SN – саясий партиянын шайлоо фондунун жалпы чектелген өлчөмү 200000 э.к. N көрсөткүчүнүн көбөйтүндүсүнө барабар же андан ашпоого тийиш, мында N - партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны.
Сумма СПТӨК – саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин өздүк каражаттарынын жалпы суммасы, 1 жаран үчүн < 15000 э.к. x N;
СПӨК – саясий партиянын өз каражаттарынын жалпы суммасы < 1000000 э.к.;
ЖКС – жарандардын кайрымдуулук каражаттарынын жалпы суммасы < 2000 э.к. x N;
ЮЖКС – юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынын жалпы суммасы < 30000 э.к. x N.
24. Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкердин шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
– эсептик көрсөткүчтөн 100 000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
– эсептик көрсөткүчтөн 10 000 эседен ашпаган көрсөтүлгөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан;
– өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5 000 эседен ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан;
– өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5 000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 200 000 эседен ашпайт.
25. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана ар бир талапкердин эсебинен шайлоо фондунун кирешелеринин/чыгымдарынын чектүү суммасын ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
26. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.
27. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер чегерилбейт жана төлөнбөйт.
28. Жарандар жана юридикалык жактар талапкердин шайланышына өбөлгө түзгөн ишмердүүлүккө каржылык (материалдык) колдоону шайлоо фонддору аркылуу гана көрсөтүүгө укуктуу.
29. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт.
Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат.
Ыктыярдуу кайрымдуулукту төгүүдө жаран төлөм документинде өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт: жеке идентификациялык номерин (ЖИН), фамилиясын, атын, атасынын атын.
Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугун төгүүдө төлөм тапшырмасында ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), аталышы.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген банктык мекемеде банктык эсептешүү эсеби бар кайрымдуулук кылуучу, ушул банктык мекеменин мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук которууну ишке ашыра алат.
30. Ыктыярдуу кайрымдуулук деп талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебине өзүнүн акча каражаттарын акысыз чегерүү таанылат.
31. Тийиштүү шайлоо фондуна жеке жактардан келип түшкөн кайрымдуулук каражаттары банк же башка мекеме аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту көрсөтүлгөн учурда гана кабыл алынат. Накталай акчалай төлөмдөрдүн квитанцияларында кайрымдуулук кылуучунун толук маалыматтары “төлөмдүн максаты” деген графада көрсөтүлөт. Каражаттарды алган банктан шайлоо фонду жайгашкан банкка которууда, төлөм тапшырмасындагы кайрымдуулук кылуучу жөнүндө маалыматтар толугу менен көрсөтүлүүгө тийиш.
32. Юридикалык жактардан шайлоо фондуна түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктар банк же башка мекеме тарабынан тиешелүү салык кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнөн бюджетке карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарды көрсөткөндөн кийин гана кабыл алынат.
33. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фонддоруна чегерилбейт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Бул учурда аталган каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.
34. Талапкердин каттоодон баш тартуусу, талапкер өз талапкерлигин алып салганы же талапкердин каттоо жарактуулугун токтотуу (жоюу) учурларында шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар аларды берген жарандарга жана уюмдарга салынган каражаттарга пропорционалдуу түрдө кечиктирилбестен кайтарылууга тийиш. Бул учурда аталган каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.
35. Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн жана сарпталган акча каражаттарынын жалпы чектик суммасы бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.
36. Кайра добуш берүү өткөрүлгөндө, кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкерлердин атайын эсептери боюнча финансылык операциялар кайра жандандырылат.
4. Шайлоо фонддоруна каражат чогултууга тыюу салынган учурлар
37. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:
– чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;
– жарандыгы жок адамдардын;
– мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
– мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
– уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
– аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
– укук коргоо органдарынын, соттордун;
– кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
– диний уюмдардын;
– атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу болуп төмөнкү маалыматтардын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).
38. Талапкердин же саясий партиянын шайлоо фондуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине же Социалдык фондго карыздары бар юридикалык жактардан, юридикалык жак түзбөй иш жүргүзгөн жеке ишкерлерден каражаттарды чегерүүгө тыюу салынат.
Талапкер жана саясий партия аталган юридикалык же жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна которулган каражаттар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Эгерде талапкердин же саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда аталган жеке жана юридикалык жактардан каражаттар келип түшсө, банк же башка мекеме бул каражаттарды соттун чечими менен мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондуна өткөрүүгө милдеттүү.
39. Эгерде кайрымдуулук ушул Жобонун 37-пунктуна ылайык мындай кайрымдуулук кылууга укугу жок жаран же юридикалык жак тарабынан чегерилсе, ал кайрымдуулук кылуучуга толугу менен кайтарылып берилүүгө тийиш.
Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебине жашыруун кайрымдуулук кылуучудан, ушул Жобонун
37-пунктунда тыюу салынган акча каражаттары келип түшсө, анда бул каражаттар 3 жумушчу күндүн ичинде республикалык бюджеттин пайдасына которулат.
40.Эгерде кайрымдуулук ушул Жобонун 23, 24-пункттарынын, ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 62, 621-беренелерине бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан чегерилсе, ал толугу менен кайрымдуулук көрсөтүүчүгө кайтарылууга тийиш же конституциялык Мыйзам менен белгиленген максималдуу өлчөмдөн ашкан бөлүгү кайтарылат, төлөмдүн максатында кайтаруунун себеби көрсөтүлөт. Бул учурда, көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарууга байланыштуу чыгымдар аны берген жарандар жана уюмдар тарабынан жабылат.
5. Шайлоо төгүмү
41. Көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер өзүнүн шайлоо фондунун (атайын эсебинин) каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо төгүмүн конституциялык Мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төлөйт жана бул боюнча шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ алат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан (атайын эсебинен) Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине ар бир талапкер үчүн эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төлөп, бул боюнча шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ алат.
Мында, шайлоо төгүмүн төлөө тапшырмасында “төлөмдүн максаты” графасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: “Талапкерге шайлоо төгүмүн (фамилиясы, аты, атасынын аты) / майыптуулугун эске алуу менен (I, II же III группа) (зарыл болгон учурда)”.
42. Саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер өздөрү (эгерде алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жок болсо), талапкерди/талапкерлерди каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төлөнгөндүгүн тастыктаган банктык документти (түп нускасын) конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык башка документтер менен бирге) тапшырышат.
43. Майыптыгы бар талапкерлер шайлоо фондунан каражатты Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине майыптык тобун эске алуу менен төгүшөт:
– III топтогу майыптар - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
– I жана II топтогу майыптар - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.
Талапкерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы бар экендигин белгилеген маалымкат берилет.
44. Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
6. Шайлоо фонддорунун каражаттарын чыгымдоо
45. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга гана жумшалышы мүмкүн.
46. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана жумшалышы мүмкүн:
1) шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу уюштуруучулук-техникалык чараларды каржылоо;
2) ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо төгүмүн төлөөгө;
3) шайлоо кампаниясына түздөн-түз байланыштуу иштерди жана кызматтарды аткарууга төлөм жүргүзүүгө, атап айтканда:
– маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызматтарга;
– үгүт материалдарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чыгарып таратууга;
– имараттарды, жабдууларды ижарага алууга;
– транспорттук жана иш сапарларынын чыгымдарын жабууга;
– байланыш кызматтарына;
– кеңселик буюмдарды, жабдууларды сатып алууга;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда билдирүүлөрдү жана макалаларды жарыялоого;
– шайлоо алдындагы чогулуштарды, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө.
47. Талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө жана башка шайлоо алдындагы иш-чараларды өткөрүүгө шайлоо фондундагы каражаттардан башка каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
Талапкер, саясий партия жарандардын жана юридикалык жактардын шайлоо күнүнө чейин кайрымдуулук кылгандар тарабынан белгиленген тартипте которулган кайрымдуулуктарын гана пайдаланууга укуктуу.
48. Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча бардык финансылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен токтотулат.
49. Шайлоо фондунун атайын эсебинде турган пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыктары талапкерге, саясий партияга добуш берүү күнүнөн кийин алар салган каражаттарга пропорционалдуу түрдө кайтарылат.
7. Жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр
50. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү иштерди (кызматтарды) аткаруу (көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдерди (макулдашууларды) талапкердин жеке өзү, же анын шайлоого катышуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын шайлоого катышуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен төлөмдөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнө чейинки күндөн кечиктирилбестен түзүлүшү керек.
51. Талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы шайлоо кампаниясын өткөрүүгө байланыштуу иштерди (кызматтарды) аткаруу (көрсөтүү) үчүн эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт.
Банктык эсептешүү эсеби болгон учурда, мындай эсептешүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген мобилдик банктык тиркемелердин системалары аркылуу жүргүзүүгө жол берилет.
Бул учурда атайын социалдык жардам алуучу, аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укуктуу адамдарга талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү бир иштерди аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөп берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдөн баш тартууга себеп болуп саналбайт.
52. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу:
– саясий партия - бир талапкер үчүн 1 000 үгүтчүдөн көп эмес;
– көп мандаттуу округдан талапкер - 1 000 үгүтчүдөн көп эмес.
Мында талапкер, саясий партия үгүтчүлөрдүн реестрин жүргүзүүгө жана жумасына бир жолу Борбордук шайлоо комиссиясына үгүтчүлөрдүн тизмесин (кийинчерээк - жаңыланган тизмесин) алардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана ЖИНин көрсөтүү менен берүүгө, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы сураган учурда - дароо берүүгө тийиш. Бул учурда үгүтчүлөрдүн тизмеси талапкер жана/же талапкердин шайлоого катышуусуна байланыштуу маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, же саясий партиянын шайлоого катышуусуна байланыштуу маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле кол койгондордун аты-жөнү, атасынын аты, талапкердин күбөлүгүнүн номери, ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгүнүн номери, саясий партиянын аталышы жана мөөрү көрсөтүлүшү керек.
Талапкерлер, саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, байкоочулары, ишенимдүү адамдары, талапкердин, партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардык үгүтчүлөр менен кызмат көрсөтүүгө (акы төлөнүүчү же акысыз) Келишим түзүшү керек.
53. Жарандар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү иштер жана кызматтар жазуу түрүндө (макулдашуу, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-берүү актысы ж.б.) катталууга тийиш. Келишимде тараптардын реквизиттери, тапшырылган иштин көлөмү, анын наркы, иш түрлөрү боюнча баалар (калькуляция, смета), төлөм тартиби, иштин аткарылышынын мөөнөтү, тараптардын жоопкерчилиги жана башка шарттар камтылууга тийиш. Жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандарды тартуу жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн. Аткарылган иштер жана кызматтар аларды кабыл алуу актылары менен же берилген продукцияга жүктөлгөн документтер менен ырасталууга тийиш, аларга кардар (каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол коет.
54. Бардык басма жана башка үгүт материалдарында үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышы жана дареги (фамилиясы, аты, атасынын аты), талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, үгүт материалдарын даярдоого буйрутма берген саясий партиянын аталышы, тиражы жана чыгарылган күнү тууралуу маалымат, тиешелүү шайлоо фондунун каражатынан даярдоого төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат, ошондой эле талапкердин же талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, буйрутма үчүн төлөгөн саясий партиянын фамилиясы, аты, атасынын аты камтылууга тийиш.
Көрсөтүлгөн маалыматты камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.
Тиешелүү шайлоо фондунун каражатынан алдын ала төлөнбөсө, шайлоо үгүт материалдарын даярдоо тыюу салынат.
56. Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ошондой эле жеке жактар тарабынан шайлоолорго тике же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга, товарларды сатууга тыюу салынат, буга ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн, ишенимдүү адамдардан, байкоочулардан, талапкерлердин өкүлдөрүнөн, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн тышкары, алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоолорго тике же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды жана кызматтарды акысыз негизде аткарууга укуктуу.
8. Эсепке алуу, отчеттуулук жана көзөмөл
57. Талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алууга милдеттүү.
Мында талапкер, көп мандаттуу округ боюнча же анын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Жобонун 24-пунктунун ченемдерине ылайык анын шайлоо фондунун атайын эсебине келип түшкөн чектик суммалардын, ошондой эле бардык чыгымдардын эсебин жүргүзүүгө тийиш.
Саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ар бир талапкер боюнча шайлоо фондунун атайын эсебине келип түшкөн чектик суммалардын эсебин ушул Жобонун 23-пунктунда келтирилген ченемдерге жана формулаларга ылайык, ошондой эле бардык чыгымдарды эсепке алууга тийиш.
58. Талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына өздөрүнүн шайлоо фондунун өлчөмү жана түзүлүү булактары, ошондой эле бардык жасалган чыгымдар жөнүндө отчетторду берүүгө милдеттүү.
Финансылык отчет төмөнкүдөй берилет:
– кагаз түрүндө (колтамга жана саясий партиянын мөөрү менен);
– электрондук түрдө (сканирленген көчүрмө, саясий партиянын колу жана мөөрү менен);
– ЕXCEL форматында электрондук түрдө же электрондук почта аркылуу, төмөнкү тартипте:
1) Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен;
2) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынтыктоочу маалыматтар) - добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен.
Отчеттордогу маалыматтар отчет тапшырылган күндөн мурунку 3 күндөн ашпаган мөөнөткө карата түзүлөт.
Жыйынтыктоочу каржылык отчетко бардык баштапкы каржылык документтердин (эсеп-фактуралар, келишимдер, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, банктык көчүрмөлөр ж.б.) түп нускалары тиркелет, алар шайлоо фондунун атайын эсебине акча каражаттарынын келип түшкөнүн жана бул каражаттардын сарпталганын тастыктайт (ушул Жобонун тиркемесиндеги №4-формага ылайык).
59. Жыйынтыктоочу финансылык отчетто баштапкы финансылык документтер финансылык операциялар атайын эсептерде чагылдырылгандай хронологиялык ырааттуулук менен тандалып алынышы керек. Мында шайлоо фондунун атайын эсептеринен алынган банктык көчүрмөлөр негиз катары кабыл алынат, аларга эсепке акча каражаттарын чегерүүгө же эсептен чыгарууга негиз болгон зарыл документтер тиркелет.
60. Жыйынтыктоочу финансылык отчет тигилген түрдө берилиши керек жана тиркемелерди кошо алганда, беттери ырааттуу номерленген болушу керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча суроолор пайда болгон учурда, талапкер жеке өзү (эгерде каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо), талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жыйынтыктоочу каржылык отчетко түшүндүрмө кат беришет.
61. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (эгерде ал болсо), же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын жетекчиси жана саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан каржылык отчетко (биринчи жана экинчи жыйынтыктоочу) кол коюлат жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу финансылык отчетторду, бардык баштапкы документтерди тапшыруу кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары менен жүргүзүлөт.
Финансылык отчеттун кагаз жана электрондук түрүндөгү маалыматтарынын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда, белгиленген тартипте кол коюлган жана күбөлөндүрүлгөн кагаз нускасы артыкчылыкка ээлик кылат.
62. Жыйынтыктоочу финансылык отчет берилгенге чейин калган акча каражаттары кайрымдуулук кылгандарга кайтарылууга тийиш.
63. Талапкердин, саясий партиянын финансылык отчетун тапшыруу милдети түздөн-түз талапкердин өзүнө (финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жок болгон учурда), же финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
64. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана алардын каражаттарын сарптоо тартибине көзөмөлдү Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруу жана иштөө тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
9. Шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугу
65. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун ачык-айкын жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчеттору, келип түшкөн шайлоо төгүмдөрү жөнүндө маалымдайт.
66. Банк мекемелери жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча 24 сааттын ичинде талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук форматта жана/же банк мекемесинин жетекчисинин колу (анын ичинде электрондук) жана мөөрү менен кагаз жүзүндө берилет.
67. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш:
1) Талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, банк же башка мекеме тарабынан берилет, жеке маалыматтарды коргоо жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен. Көрсөтүү форматында кайрымдуулук акча каражаттарынын келип түшкөндүгү (келип түшкөн күнү, юридикалык жактын аталышы/жеке жактын аты-жөнү, кайрымдуулуктун түрү жана суммасы) жана каражаттардын чыгымдалышы (чыгымдалган күнү, юридикалык жактын аталышы/жеке жактын аты-жөнү, төлөмдүн максаты жана суммасы) жөнүндө маалыматтар камтылат;
2) Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо боюнча финансылык отчеттору (биринчи, экинчи жыйынтыктоочу) белгиленген форма боюнча;
3) Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жана мамлекеттик бюджетке которулган шайлоо төгөмдөрүнүн суммасы жөнүндө маалымат.
10. Жоопкерчилик
68. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибин бузуусу, шайлоо фондунун чыгашаларынын чектик суммасынан ашып кетиши, финансылык отчетторду бербеши, талапкерлердин, саясий партиялардын отчетторунда камтылган анык эмес маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
Ушул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга оозеки, андан кийин жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө, ал эми экөө тең бар болсо - талапкердин, талапкерлердин каттоосун жокко чыгарууга укуктуу.
69. Талапкер же саясий партия өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоодо шайлоо фондунун каражатынан тышкары, талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашык болгон башка акча каражаттарын пайдаланган учурда же талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан бардык чыгымдардын белгиленген чектик суммасынын 0,5 пайызынан ашыкка көбөйткөн учурда, талапкердин, талапкерлердин каттоосу жокко чыгарылат.
70. Бузуу фактысын аныктоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик бийлик органдарына, фискалдык жана укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
