Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 45 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка катталган талапкерлердин ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин ортосунда чүчүкулакты өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) ишке ашырат.
2. Катталган талапкерлердин ортосунда тиешелүү шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.
3. Чүчүкулакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен беш адамдан турган чүчүкулак боюнча Топ түзүлөт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүүнүн датасын, убактысын, ордун аныктайт жана талапкерлерге маалымдайт.
5. Катталган талапкерлерди тийиштүү бюллетендерге киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:
– талапкерлер же болбосо катталган талапкерлердин тиешелүү документтер менен ырасталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо күбөлүгү жана инсандыгын ырастоочу документ);
– Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;
– жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жайды, барабанды, лотторду, башка зарыл атрибуттарды, ошондой эле чүчүкулактын протоколун даярдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.
7. Чүчүкулак төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- лототрон орнотулат, анда номерлери менен шарик түрүндөгү лоттор жайгаштырылат. Лоттордун саны катталган көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин санына дал келүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү залда катышып отургандардын ичинен бир адамды чакырат, ал алдын ала бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерлери менен шариктерди лототронго салат;
– андан кийин көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер же болбосо алардын өкүлдөрү талапкерди көрсөтүү үчүн документтерди тапшыруу тартибинде чакырылат жана барабан тегеретилет. Талапкер же болбосо анын өкүлү лотту алып, алынган лотту бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерин жарыялайт.
8. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер же талапкердин өкүлү келбеген учурда, жок болгондун ордуна залда катышып отургандардын ичинен көз карандысыз адамды (жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлүн жана башка) чүчүкулак процессине катышуу үчүн чакырууга болот.
9. Чүчүкулактын натыйжалары бардык катышуучуларга жарыяланат.
10. Өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол толтурулат. Протоколдун тиешелүү графаларына чүчүкулакка катышкан талапкердин же болбосо талапкердин өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты жазылат жана анын колу коюлат.Протоколго чүчүкулакты өткөрүүгө катышкан бардык Топтун мүчөлөрү кол коюшат.
