Шайлоо комиссияларынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу Жобо (күчүн жоготту)
Эскертүү, бул документ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 50 токтому менен күчүн жоготту!
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын
2020-жылдын 11-февралындагы
№ 41- токтомуна тиркеме
Шайлоо комиссияларынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу
ЖОБО
(КР БШКнын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №135 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Ушул Жободо төмөнкүдөй тартиптер аныкталган:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары- Комиссия) тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын (мындар ары-кызмат адамдары) иши.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 10-главасына ылайык, кодекстин 42 - 42-2, 43-48-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүдөй учурларда каралат:
- Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жана референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы), жана (же) укук бузуулар жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан.
3. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо Комиссия жана кызмат адамдары мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк презумпциянын, бузгандык үчүн жоопкерчиликтин боло тургандыгынын, адилеттүүлүктүн, жазалоону жекелештирүүнүн, гумандуулуктун принциптерине негизделет.
4. Комиссия жана кызмат адамдары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республиксынын референдуму жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссиянын жана кызмат адамдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ар бир иштин шарттарын өз мезгилинде, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, аларды мыйзамдарга ылайык так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле бузууларды жазоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды табуу.
2. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш тартиби
6. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйөө болуп саналат:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды тикелей табуу;
2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан келип түшкөн мыйзамдарды укук бузуу окуяларынын болушун көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдар (билдирүүлөр);
3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;
4) Түз линиясына телефон чалуулар жана байланыштын башка булактары (Whats аpp каналы ж.б.) боюнча билдирүүлөр;
7. Укук бузуунун белгилерин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу бузуу жөнүндө иш бюнча өндүрүштү ачууга негиз болуп саналат.
8. Шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздар (даттануулар, билдирүүлөр, материалдар) Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан алдын ара каралат.
9. Жумушчу топ өзүнүн жыйналышында келип түшкөн арыздын (даттануунун,билдирүүнүн, материалдардын) предметин аныктайт жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) шайлоо мыйзамдарында каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо шайлоо мыйзамдарында каралган арыздарды жалпы тартипте кароо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) кодексте каралган укук бузуулардын белгилерин аныктоодо арызды (даттанууну, билдирүүнү, материалдарды) ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна жана чечүүсүнө жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Мында, Жумушчу топ арызда (даттанууда, билдирүүдө, материалдарда) Кодекстин 65-69-беренелеринде каралган укук бузуу белгилеринин болушун аныктоодо иштерди, эреже катары, шайлоо мыйзамында каралган жалпы тартипте карайт.
11. Жумушчу топтун иши Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен өзүнчө Жобо менен жөнгө салынат.
3. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы
12. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмеги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.
Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, эреже катары, төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдум өткөрүүдө – Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери;
2) Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо - Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү.
13. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы арыз (даттануу, билдирүү, материалдар) келип түшкөндө алардагы укук бузууларды карайт жана Кодекстин 54-главасында белгиленген тартипте тиешелүү чечим кабыл алат.
Жасалган укук бузуу фактысы белгиленгенде ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен формада кагаз түрүндө протокол түзүлөт же электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн укук бузуулар жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.
14. Эгерде адам жасалган укук бузуулардын фактысын, аны айыптоо жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонулушун талашып-тартышпаса, анда укук бузуу жасалган жерде токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол тамгасын коёт, мында көрсөтүлгөн ткотом анын көчүрмөсү бузуучуга берилген учурдан тартып күчүнө кирет.
Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) ишти кароо датасы;
3) иши каралып жаткан адам жөнүндө маалымат;
4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;
5) тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин беренесин көрсөтүү;
6) иш боюнча кабыл алынган чечим.
15. Эгерде адам укук бузуу фактысын болгондугун же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан айып пул, же болбосо кошумча укуктук кесепет түрүндө айыптоону шарттаган фактысы болгондугун талашып-тартышса түзүлгөн протоколду айып салуу үчүн комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
4. Комиссия
16. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти өзүнүн жыйналышында өзүнчө маселе катары карайт.
Комиссиянын жыйналышын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
16-1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын катчысы болуп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясында укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын катчысы болуп укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти саналат.
17. Комиссиялардын жыйналышы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
18. Комиссиянын жыйналышы бузууларды жасагандыгы үчүн жазага тартылган адамдардын, ошондой эле Кодекске ылайык бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын катышуусу менен өткөрүлөт.
19. Бузууларды процессуалдык жол-жоболоштуруу Кодекстин 54-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.
5. Даттануу тартиби
20. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсүн же аны почта боюнча алган күндөн тартып 10-күндүн ичинде берилүүсү мүмкүн.
21. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
22. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жана рефрендумда бузуулар жөнүндө токтом Бишкек шаарынын райондук сотуна даттанылат.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бузуулар жөнүндө токтом райондук сотко даттанылат.
6. Бузуулардын бирдиктүү реестри
23. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түзүлгөн протоколдорду шайлоо комиссияларында бузууларды Бузуулардын бирдиктүү реестринде (мындан ары - УББР) каттоо үчүн ыйгарым укуктуу жакка токтоосуз өткөрүп беришет.
24. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузууларды УББРга каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен жүзөгө ашырылууга тийиш .
7. Комиссиянын иш-кагаздарын жүргүзүү
25. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жооптуу Комиссиянын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
25-1. Ушул Жобонун 16-1-пунктунда белгиленген бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын катчысы, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жак тарабынан укук бузуулар жөнүндө протокол даттанылган учурда иштин материалдарын Комиссиянын жыйналышына даярдайт.
Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөлөрүн, укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн адамды жана башка кызыктар жактарды Комиссиянын жыйналышынын датасы, орду жана убактысы жөнүндө бир күн мурда билдирет.
26. Комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштердин бардыгы эсепке алынууга жатат. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери өзүнө каттоо журналын жана келип түшкөн жылы боюнча иштин ирээттик номерин камтыйт.
27. Эсепке алуу журналынын сакталышы, аларга киргизилген маалыматтардын өз мезгилдүүлүгү жана аныктуулугу үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
28. Комиссиянын катчысы укук бузуулар жөнүндө иштин түзүлүшүн камсыз кылат, жыйналыштын процессинде ишке тиркелген бардык документтер алар келип түшкөн түрүндө хронологиялык, анын ичинде Комиссиянын мурдагы жыйналышындагы кат жазышуу тартибинде тигилет.
29. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл, укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү – 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар архивге тизими боюнча өткөрүлөт.
30. Комиссия бузууларды, ошондой эле кошумча укуктук кесепеттер колдонулган адамдарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине Кодекске ылайык каттоону жүзөгө ашырат.
