КР БШКнын 2026-жылдын 20-январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 20-января
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. № 13 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология сектору)
3. М.А. Кабылованы жана Б.И. Божаеваны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Абдыразакова Гульнара Пазылжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Н.Ө. Бадиновду жана Ч.К. Эргешевди № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Матсаков Кадырбек Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
