30.09.2015 № 126 “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясына расмий жазуу жүзүндө эскертүү берүү жөнүндө
“Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын мүчөсү А.Мурсабеков 2015-жылдын 19-августунда Мамлекеттик тарых музейинде саясий партиянын съездин өткөрүү үчүн, партиянын лидери Ш.Медетбековдон 10 000 сом акча алган жана ал акча каражатын кассалык-чыгаша ордери аркылуу накталай төлөгөн. Бул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жонүндө” Конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 11,14- бөлүктөрүн бузуу болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелери, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 41, 42-беренелерине таянып, Конституциялык Мыйзамдын 41 беренесинин 11, 14-бөлүктөрүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясына расмий жазуу жүзүндө эскертүү берилсин.
- Бул чечим “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясына жөнөтүлсүн.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 30-сентябрь 2015-ж.
№ 126
