27.12.2024 № 327 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ыраазычылык каты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-ноябрында болуп ѳткѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдөгү зор эмгеги, ошондой эле шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон салым үчүн, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктар комиссиясынын 2024-жылдын № 6 чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен 1-тиркемеге ылайык жана Ыраазычылык каты менен 2-тиркемеге ылайык сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА       

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 27-декабры

№ 327