Шайлоо округу жана чектери
Шайлоо округу жана чектери
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу N 68
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 221, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 30-июнундагы № 68, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2021-жылдын 15-июлундагы № 84, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 97, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 81, 2025-жылдын 19-февралындагы № 39, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 73, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 82, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы №161 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 Мыйзамына ылайык алып салынды)
131-берене. Шайлоо участокторун түзүү
1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участоктору түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.
3. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, эреже катары, ар бир участокто 3000ден ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш.
Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.
Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир аймакта жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана аккредитациялоочу өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.
4. Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жерлериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.
Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде гана түзүлөт жана иштейт. Аларды түзүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- эгерде көп сандагы шайлоочулар ошол аймакта убактылуу турса жана добуш берген жерде туруктуу жашаган жери жок болсо;
- эгерде жакынкы шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.
5. Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын иштеп чыгат.
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана жүргөн өлкөдө аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайтында жайгаштырылат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу N 98
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-октябрындагы № 170, 2012-жылдын 6-июлундагы № 99, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2012-жылдын 12-октябрындагы №172, 2013-жылдын 14-февралындагы № 16, 2013-жылдын 30-июлундагы № 170, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) , 2019-жылдын 17-майындагы N 64, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Шайлоо округдарын түзүү
1. Шайлоо системасына жараша тиешелүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.
1-1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү шайлоо күнү белгиленгенден кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат."
2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:
1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 15 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 20 пайыздан ашпаган жол берилген четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;
2) шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.
4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча, ушул Мыйзам менен белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын чек араларын карайт жана бекитет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
(КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
