04.11.2025 №996 Муктаров Нурбек Муктаровичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
Муктаров Нурбек Муктаровичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Муктаров Нурбек Муктаровичтен №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү-көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.
2025-жылдын 30-октябрында ал талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө берген. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын келип түшкөн маалымкатына (2025-жылдын 20-октябрындагы кириш № 5/329) ылайык 2009-жылдын 11-мартында Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча Муктаров Нурбек Муктаровичке карата 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу жазасы белгиленген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык 2010-жылы анын соттуулугу жоюлган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Муктаров Нурбек Муктаровичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыгыкка талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-ноябрында болуп өткөн отурумуна Муктаров Нурбек Муктарович онлайн режимде катышып, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты тастыктаган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз: соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган.
Жумушчу топтун Муктаров Нурбек Муктаровичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Муктаров Нурбек Муктаровичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 4-ноябры
№ 996
