02.11.2025 №881 Амангазиев Ильяс Амангазиевичти № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
Амангазиев Ильяс Амангазиевичти № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө
2025-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Амангазиев Ильяс Амангазиевичтен № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Амангазиев Ильяс Амангазиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 30-октябрындагы № 8/145 КПҮ маалымкатына ылайык 1989-жылы 9-январда туулган Амангазиев Ильяс Амангазиевичтин криминалдык төбөл Камчы Асанбек менен чогуу түшкөн сүрөтү боюнча маалымат аныкталып, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгында текшерүү үчүн катталып, териштирүү иштерин жүргүзүү максатында тергөө тапшырмасынын негизинде тергөө кызматына чакыртылып суракка алынган. Сурактын жүрүшүндө И.А. Амангазиев жогоруда аталган Камчы Асанбек менен чогуу түшкөн сүрөттө чындыгында өзү экенин тастыктаган.
2025-жылдын 2-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумуна Амангазиев Ильяс Амангазиевич тиешелүү түрдө чакырылып, бирок ал отурумга катышуудан баш тарткан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык: эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо, талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 2-ноябрындагы Амангазиев Ильяс Амангазиевичти № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Амангазиев Ильяс Амангазиевичти № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 2 ноябры
№ 881
