8.12.2025 №1524 № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаеванын № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы чечимине карата арыздары жөнүндө
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаеванын № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы чечимине карата арыздары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 5-декабрында № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер: Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева жана А.А. Исаевден №26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 “№ 7028, № 7029, № 7030 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө” чечимине арыздар келип түшкөн.
Арыз ээлери айкындалган шайлоо мыйзамдарын бузуулар (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) текшерүү материалдарында аты-жөнү көрсөтүлгөн конкреттүү талапкерге гана тиешелүү экенин көрсөтүшүп, № 26 округдук шайлоо комиссиясынын чечимин кайра карап чыгууну жана көрсөтүлгөн шайлоо участокторундагы добуштарын калыбына келтирүүнү суранышкан.
2025-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болду, ага Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Зикиралиев У.С. жана арыз ээлери чакырылып, угулду.
Жумушчу топ талапкерлердин арыздарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады, анткени № 26 округдук шайлоо комиссиясынын чечими шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган жана каралган жол-жоболорду сактоо менен компетенттүү органдар тарабынан аныкталган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына негизделген.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Талапкерлер Э.К. Абакиров, Г.Д. Бейшенбаева, А.А. Исаевдин №26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №1 чечимине карата арыздарын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры
№ 1524
