31.10.2025 №762 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү жөнүндө

2025-жылдын 30-октябрында саат 14:15де Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А. Абдалиевден № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 1-беренесинде “талапкер –  ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам” деп белгиленген.

Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 2-1-бөлүгүндө “талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса” деп көрсөтүлгөн.

Ушул эле берененин 4-бөлүгүндө “Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына беретдеп көрсөтүлгөн.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 9-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайланууга конституциялык укугун камсыздоо максатында, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөндөгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Абдалиев Мейкинбек Акимович, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулду деп эсептелсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 31-октябры

№ 762