25.10.2025 №499 Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө

Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө

 

2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кадамжай округдук шайлоо комиссиясынан Маталипов Темирлан Нурмаматовичтен Ураскулов Эркин Исмаиловичке карата № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Атажанов Ырысбек Ысламовичтин ар-намысына шек келтирген жалган маалыматтарды таратып жаткандыгы жөнүндө арызы боюнча материалдар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 22-октябрындагы № 2 чечими менен Ураскулов Эркин Исмаиловичке карата  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.  

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 22-октябрындагы    № 2 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Ураскулов Эркин Исмаиловичке протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ураскулов Эркин Исмаилович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 25-октябры

499