25.10.2025 №498 № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Г.С. Джаныкулованын арызы жөнүндө

№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Г.С. Джаныкулованын арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Г.С. Джаныкулова тарабынан арыз түшкөн.

Арызында көрсөтүлгөндөй “Акылбек Асанов” аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу “Садибакас ажы Устаз” аттуу топто талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ар-намысына жана абийирине шек келтирген, ишенимге татыбаган маалыматтарды жайылтып, постторду жана репостторду активдүү жарыялап жүргөндүгү белгиленет.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 23-октябрындагы № 1 чечими менен Асанов Акылбек Талыпбековичке карата  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталды.  

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-октябрындагы    № 1 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Асанов Акылбек Талыпбековичке протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Асанов Акылбек Талыпбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 25-октябры

498