30.09.2025 №11 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
4. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 30-сентябры
№ 11
