29.11.2025 №1512 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызы жөнүндө
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызы жөнүндө
2025-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнадан арыз келип түшкөн.
Арыз ээси Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошалы Эгембердиевич өзүнүн жакын тууганы, № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жатканын билдирген.
Ошондой эле арызда Москва районунун Комсомол айылындагы балдардын футбол аянтчасына талапкер А.Ж. Эгембердиевдин үгүт материалдары келишим түзүлбөстөн илингендиги кабарланган.
Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы 2025-жылдын 26-ноябрында тергөө иш-чараларын жүргүзгөн, тараптар суракка чакырылган, бирок Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Мусурмановдун административдик ресурстарды колдонгондугу, ошондой эле үгүт материалдары балдардын футбол аянтчасына келишим түзүлбөстөн илингендиги тууралуу маалыматтар тастыкталган эмес жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
Келип түшкөн арызды ар тараптуу жана калыс кароо максатында 2025-жылдын 28-ноябрында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп өткөн, ага арыз ээси Н.Э. Усеинова жана талапкер А.Ж. Эгембердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Я. Бит-Аврагим чакырылып, угулган.
Талапкер А.Ж. Эгембердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Бит-Аврагим А.Я. талапкер менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн ортосунда үгүт материалдарын илүүгө келишим түзүлгөнүн түшүндүргөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык арыздар (даттануулар) негизделген болушу жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 61 чечими менен № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургүл Эмилкановнанын арызында административдик ресурсту пайдалануу, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу фактыларын тастыктаган жетиштүү негиздердин жоктугуна, ошондой эле арыз ээсинин жүйөлөрүнүн далилденбегенине байланыштуу коюлган талаптарды канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине, Жумушчу топтун 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 61 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалымдалсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 29-ноябры
№ 1512
