29.11.2025 №1503 № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 28-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Whatsapp” мессенджеринде жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевич тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы, тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын ичинде жана жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 53 чечими менен № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 53 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевич Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 29-ноябры
№ 1503
