26.11.2025 №1438 № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.У. Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Муратбековдун арызы жөнүндө

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.У. Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Муратбековдун арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Муратбеков Аскар Билаловичтин арызы келип түшкөн.

Арыз ээси талапкер Б.У. Сыдыков ага добуш берген шайлоочуларга 2500 сомдон акча төлөйт деген жалган аудиобилдирүүнү тараткан белгисиз жаранга тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Бул материал боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Н. Жоробековдун 2025-жылдын 24-ноябрындагы токтомунун негизинде алдын ала иликтөө жүргүзүлгөн. Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө аудиобилдирүү WhatsApp аркылуу таратылгандыгы аныкталган, ал эми талапкер Б.У. Сыдыковдун шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары табылган эмес. Ошондой эле аудиобилдирүүнү тараткан Осоров Зухрат экендиги, ал эми № 02-002-2025-036690 менен козголгон иш кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кыскартылгандыгы аныкталган.

2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, ага талапкер Б.У. Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Муратбеков жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги Н.А. Жоробеков чакырылып, угулган.

Жумушчу топтун отурумунда Осоров Зухратка карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28, 47-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Осоров Зухратка административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Осоров Зухрат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 26-ноябры

№ 1438