26.01.2026 №22 Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2026-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымкатына (2026-жылдын 22-январындагы №1-4/22) ылайык Мансуралыев Залкарбек Медетбекович көрсөтүлгөн мезгилдерде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон, атап айтканда: 2021-жылы — 354 күн, 2022-жылы — 364 күн, 2023-жылы — 123 күн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Жумушчу топтун Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинини 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат :

 

1. Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.

2. Ушул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 26-январы

22