24.11.2025 №1403 № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызы жөнүндө
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызы жөнүндө
2025-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызы келип түшкөн.
Келип түшкөн арызда арыз ээси үгүт иш-чараларын өткөрүүгө тоскоолдук кылуу фактысы тууралуу билдирген. Баяндалган маалыматка ылайык Бишкек шаарынын Биринчи май районунда арыз ээсинин үгүтчүлөрүнө көп батирлүү үйлөрдүн биринин короосуна кирүүгө уруксат берилген эмес. Арызда көрсөтүлгөндөй, мындай иш-аракет, көрсөтүлгөн үй, кирүүгө тоскоолдук кылган адамдардын айтымында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Умбеталы Кыдыралиевге “иштеп жатканы” менен негизделген.
Көрсөтүлгөн жагдайлар, арыз ээсинин пикири боюнча, үгүт ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын жана бардык талапкерлер үчүн шарттардын бирдейлиги принциптери бузулуп жатканын ырастайт.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык арыздар (даттануулар) негизделген болушу жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 40 чечими менен үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктаган жетиштүү негиздер жок болгондуктан, ошондой эле арыз ээсинин жүйөлөрү далилденбегендиктен, № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 40 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1403
