24.11.2025 №1400 Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 22-ноябрында Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынан чыг. № 25/128-1-37-10/5-04474 менен № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурдинов Бейшеналыны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын өндүрүшүндө 2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 03-054-2025-000018 кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурдинов Бейшеналы жана анын жакын тууганы көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталгандыгы көрсөтүлгөн.
Тактап айтканда, Б. Нурдинов үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө шайлоодо добуштарды алуу максатында С. Тайчымановго акча каражаттарын (шаймандарды сатып алууга багытталган 45 000 сом) бөлүп бергендиги аныкталган.
2025-жылдын 22-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Б. Нурдиновдун жубайы А. Касымбековадан кайрылуу келип түшкөн, анда 2025-жылдын 20-ноябрында С. Тайчымановго карызга 45000 сом берип, бул тууралуу тил кат алганы көрсөтүлгөн.
Бул жагдайда кошумча ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүү үчүн өтүнүч кат канааттандыруусуз калтырылууга тийиш экени белгиленген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурдинов Бейшеналыны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүч катын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгына жана № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурдинов Бейшеналынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Нурдиновага жөнөтүлсүн.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1400
