20.11.2025 №1365 № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциалык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

Instagram” социалдык тармагындагы “samarakarimovasinger” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/samarakarimovasinger/?hl=ru) жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.

Самара Каримова өзүнүн жарыялоосунда Майдан айылынын тургундарына 2025-жылдын 17-ноябрында талапкер менен жолугушуу болорун, ошондой эле өзүнүн катышуусунда концерт уюштуруларын маалымдаган.

Жумушчу топтун жыйынында № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Калпаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбаева Акмарал Ильязовна 2025-жылдын 10-ноябрында С. Каримова менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөнүн, ошондой эле келишимге ылайык С. Каримованын катышуусунда талапкердин гимни жазылганын, аны талапкердин жолугушуусунда коюшканын билдирди. Мында мыйзамдарда үгүттөө максатында концерт өткөрүүгө тыюу салынат.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүүдөгү үгүт концерттерди, театрлаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 32 чечими менен № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 32 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 20-ноябры

1365