22.10.2025 №298 “Кырк Ууз” саясий партиясынын арызы жөнүндө

“Кырк Ууз” саясий партиясынын арызы жөнүндө

 

“Кырк Ууз” саясий партиясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы (кириш № 17/2434) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. “Кырк Ууз” саясий партиясынын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-октябрындагы № 12 чечими менен катталган “Кырк Ууз” саясий партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кадыркулов Таалайбек Амангелдиевичтин жана “Кырк Ууз” саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джапарова Жанар Алиакбаровнанын каттоолору жокко чыгарылсын.
  3. “Кырк Ууз” саясий партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кадыркулов Таалайбек Амангелдиевичке берилген № 12 каттоо ырастамасы, “Кырк Ууз” саясий партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джапарова Жанар Алиакбаровнага берилген № 12 каттоо ырастамасы ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
  4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

              Төрага                                                                                                 Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры

№ 298