19.10.2025 №274 № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эргешбаева Таттибүбү Нурбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.Б. Осмоновду жана А.Р. Оңолбекованы каттоо жөнүндө
№ 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эргешбаева Таттибүбү Нурбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.Б. Осмоновду жана А.Р. Оңолбекованы каттоо жөнүндө
№ 14 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эргешбаева Таттибүбү Нурбековнанын 2025-жылдын 18-октябрындагы (кириш № 12/2389) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Төмөнкүлөр № 14 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эргешбаева Таттибүбү Нурбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Осмонов Бексултан Бакытович, шайлоо маселелери боюнча;
- Оңолбекова Асель Райымкуловна, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 19-октябры
№ 274
