16.01.2026 №6 Т.А. Абдилхакимовду жана Р.Ж. Оморовду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкү
Т.А. Абдилхакимовду жана Р.Ж. Оморовду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Калматов Токторали Калдаровичтин 2026-жылдын 15-январындагы (кириш №12/51) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Калматов Токторали Калдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
– Абдилхакимов Таирбек Абдимиталипович, шайлоо маселелери боюнча;
– Оморов Рустам Жумабекович, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төраганын м.а. А. Жупуева
Бишкек ш., 2026-жылдын 16-январы
№6
