7.12.2025 №1523 Жаран Д.Д. Рахмановдун даттануусу жөнүндө

Жаран Д.Д. Рахмановдун даттануусу жөнүндө

 

2025-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жаран Рахманов Дилмурад Дилдорбековичтен № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу даттануу келип түшкөн.

Арыз ээси өзүнүн даттануусунда 2025-жылдын 29-ноябрынан 2025-жылдын 30-ноябрына саат 02.30га чейин Ош шаарында Достук чек ара постунан баштап Курманжан датка көчөсүнүн боюндагы ЛЭД-экрандарда талапкер Э.Н. Сулаймановдун үгүт видеороликтери мыйзамсыз көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптары бузулгандыгын көрсөткөн.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 4-декабрында болуп өткөн жыйынына арыз ээси Рахманов Д.Д. чакырылып, угулду.

Д.Д. Рахманов өзүнүн даттануусунда баяндалган жүйөлөрдү тастыктады, бирок ал шилтеме кылган жагдайларды объективдүү тастыктай турган документтерди жана башка далилдерди берген жок.

Жумушчу топ Д.Д. Рахмановдун даттануусун карап жана изилдеп чыгып, даттанууда көрсөтүлгөн жагдайлар болжолдуу, баа берүүчү жана тастыкталбаган мүнөзгө ээ, ушуга байланыштуу алар далилдөөчү база катары колдонулушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

 Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык арыздар (даттануулар) негизделген болушу жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 5-декабрындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Жаран Рахманов Дилмурат Дилдорбековичтин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Жаран Рахманов Дилмурат Дилдорбековичке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалымдалсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

№ 1523