5.12.2025 №1521 № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.М. Абдыкадыровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Т. Калмырзаевдин арызы жөнүндө
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.М. Абдыкадыровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Т. Калмырзаевдин арызы жөнүндө
2025-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Калмырзаев Мирлан Темирбековичтин № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча № 1102, № 1103, № 1104, № 1106, № 1113, № 1127, № 1133, № 1140, № 1142 шайлоо участокторунда кайталап кол менен саноону жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болгон, ага берилген материалдарды кароого катышкан тараптар чакырылып, угулган.
Жумушчу топ, шайлоо мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык бюллетендерди кайра саноону жүргүзүүгө негиздер жок экендигине байланыштуу, М.Т. Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Калмырзаев Мирлан Темирбековичтин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 5-декабры
№ 1521
