5.12.2025 №1520 “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Н.М. Джумашовдун шайлоо бюлеттендерин кайталап саноо тууралуу арызы жөнүндө

“Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Н.М. Джумашовдун шайлоо бюлеттендерин кайталап саноо тууралуу арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Ынтымак” саясий партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Н.М. Джумашовдун шайлоо бюллетендерин кайталап саноону жүргүзүү жѳнүндѳ арызы (2025-жылдын 1-декабрындагы чыг. № 1/32) келип түшкѳн.

Арыз ээси добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бардык участкалык шайлоо комиссияларында шайлоо бюллетендерин кол менен кайра саноону жүргүзүүнү, ошондой эле шайлоо бюллетендерин кол менен кайра саноо аяктагандан кийин расмий жыйынтыктарды берүүнү суранган.

2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болгон, анда шайлоо участокторунда мыйзам бузуулардын далилдери жана белгилери айкындалбаганына байланыштуу Н.М. Джумашовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.  

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. “Ынтымак” саясий партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.М. Джумашовдун арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-декабры

№ 1520