14.11.2025 №1308 Ташматова Карамат Акматовнанын шайлоо алдында үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Ташматова Карамат Акматовнанын шайлоо алдында үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 13-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Facebook” социалдык тармагындагы “Махмуд Абдубалиев” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.facebook.com/mahmud.abdubaliev.2025) жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке карата шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы белгиленген.
Жумушчу топтун жыйынында К.А.Ташматова базардан № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин жолугушуусу тууралуу маалыматты укканын жана WhatsAppтын “Авысындар жана Айымдар” тобунда маалымат таратканын түшүндүрдү. К.А. Ташматованын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузганын билген эмес, кийинчерээк ал топтогу аудио билдирүүнү өчүргөн.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 21 чечими менен Ташматова Карамат Акматовнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 27-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 21 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Ташматова Карамат Акматовнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ташматова Карамат Акматовна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 14-ноябры
№ 1308
