14.10.2025 №145 № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Б.Ч. Сатывалдыеваны каттоо жөнүндө

№ 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Б.Ч. Сатывалдыеваны каттоо жөнүндө

 

№ 12 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 13-октябрындагы (кириш № 12/2088) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. № 12 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Омошев Эрмекбай Аляновичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сатывалдыева Бегимай Чолпонбаевна катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025-жылдын 14-октябры

№ 145