19.11.2025 №1342 № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2025-жылдын 17-ноябрында (кириш №12/3660) № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо маселелери жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №1213 чечими менен катталган №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоолору жокко чыгарылсын жана аларга берилген каттоо ырастамалары жараксыз деп таанылсын:
– Султанбекова Ажар Эриковна, шайлоо маселелери боюнча;
– Имашов Атай Жанабилович, финансы маселелери боюнча.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага
