18.11.2025 №1339 № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык 2025-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзүлбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 29 чечими менен № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 27-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 29 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 18-ноябры

1339