17.11.2025 №1327 Ашканбаев Таалай Таабалдиевичтин № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тарат

Ашканбаев Таалай Таабалдиевичтин № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 15-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

2025-жылдын 17-октябрында Сейтказиева Э.А. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыз менен кайрылган.

“Instagram” социалдык тармагындагы “ukuk_official” тобунда (https://www.instagram.com/p/DP8axpGDDp2/) 2025-жылдын 18-октябрында жарыяланган видеоматериалдарга ылайык, “Ашканбаев Таалай” аттуу колдонуучу № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Жумушчу топтун жыйынында Т.Т. Ашканбаев Э.А. Сейтказиева Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп турганда мыйзамсыз токтомдорду чыгарганын айтты. Т.Т. Ашканбаевдин айтымында, ал укук коргоо органдарына чыгарылган токтомдордун мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок чыгарылган токтомдордун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечимдер жок.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 24 чечими менен Ашканбаев Таалай Таабалдиевичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22 47-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 24 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Ашканбаев Таалай Таабалдиевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ашканбаев Таалай Таабалдиевич Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 17-ноябры

1327