13.11.2025 №1282 № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызы жөнүндө
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызы жөнүндө
2025-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызы келип түшкөн.
Арызда “Азия Ньюс” гезитинде, “Арыба” интернет-басылмасында (https://aryba.kg), ошондой эле “Facebook” социалдык тармагындагы “Айка Муратова” (https://www.facebook.com/ajka.muratova.#) жана “Бакмурат Токтогулов” (https://www.facebook.com/bakmurat.toktogulov#) аттуу колдонуучулардын баракчаларында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар камтылган жарыялоолор жайгаштырылгандыгы көрсөтүлгөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 16 чечими менен “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына (https://aryba.kg) карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 67-беренесинде каралган 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбаева Айсадага Канасиловнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 67, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 16 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбаева Айсадага Канасиловнага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. “Азия Ньюс” гезитинин, “Арыба” интернет-басылмасынын өкүлдөрү, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсунович жана Колбаева Айсадага Канасиловна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 13-ноябры
№ 1282
