13.10.2025 №127 № 18 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№ 18 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2025-жылдын 12-октябрында № 18 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Дж. Айдарованы дайындоо жөнүндө билдирген, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 18 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 48 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен катталган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Барманкулова Наргиза Куватбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. № 18 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Барманкулова Наргиза Куватбековнага берилген каттоо күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
3. № 18 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Айдарова Аида Джанышбековна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 13-октябры
№ 127
