12.11.2025 №1258 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Толонбаев Таалайбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерТолонбаев Таалайбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

№19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Толонбаев Таалайбектин жазуу жүзүндөгү арызынын жана жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын (2025-жылдын 12-ноябрындагы кир.
№12/3518)
негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Төмөнкү жарандар №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Толонбаев Таалайбектин ишенимдүү адамдары болуп катталсын:
  • Турганов Жылдызбек Момунжанович;
  • Маматалиев Бегали Мурзалиевич.
  1. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

       Төрага                                                                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 12-ноябры

№ 1258