10.11.2025 №1221 № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

 

№28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин 2025-жылдын 8-ноябрындагы (кириш № 12/3427) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 617 чечими менен катталган № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сабаев Мирзат Асановичтин, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Баяманов Таалайбек Такеновичтин каттоолору жокко чыгарылсын жана каттоо ырастамалары жараксыз деп таанылсын.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                                    Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 10-ноябры

№ 1221