07.11.2025 №1214 Алибеков Шерахмад Халиловичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

Алибеков Шерахмад Халиловичти №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Алибеков Шерахмад Халиловичтен № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган 2025-жылдын 30-октябрындагы №5/353 маалымкатына ылайык 2008-жылдын 19-мартында Баткен облусунун Кадамжай райондук соту Алибеков Шерахмад Халиловичти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-ж. редакциясы) 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча 2 жылга эркинен ажыратып, “Мунапыс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде белгиленген жаза өтөөдөн бошоткон.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган адамдар Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаты кызмат ордуна шайланууга укуксуз.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 7-ноябрында болуп өткөн отурумуна Алибеков Шерахмад Халилович катышып, сөз сүйлөгөн.

Жумушчу топ Алибеков Шерахмад Халиловичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жана Жумушчу топтун Алибеков Шерахмад Халиловичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Алибеков Шерахмад Халиловичти №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
  2. Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-ноябры

№ 1214