07.11.2025 №1207 № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
№ 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2025-жылдын 6-ноябрында (кириш №12/3371) №12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Алянович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана С.А. Аляновду шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, К.А. Арстанбекованы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-октябрындагы №152 жана 2025-жылдын 14-октябрындагы № 145 чечимдери менен катталган
№ 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоолору жокко чыгарылсын:
– Сапарбаев Айбек Абийбилаевич, шайлоо маселелери боюнча;
– Сатывалдыева Бегимай Чолпонбаевна, финансы маселелери боюнча.
- №12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбаев Айбек Абийбилаевичке жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатывалдыева Бегимай Чолпонбаевнага берилген каттоо ырастамалары ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
- Төмөнкүлөр №12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Алянов Сыргак Алянович, шайлоо маселелери боюнча;
– Арстанбекова Каныкей Арстанбековна, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 7-ноябры
№ 1207
