11.10.2025 №82 № 10 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.К. Есеналиевди жана Исмаил кызы Дарыя Жусубалиеваны каттоо

№ 10 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.К. Есеналиевди жана Исмаил кызы Дарыя Жусубалиеваны каттоо жөнүндө

 

№ 10 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 9-октябрындагы (кириш № 12/1854) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. № 10 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

– Есеналиев Максатбек Кульчороевич, шайлоо маселелери боюнча;

– Жусубалиева Дарыя Исмаил кызы, финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 11-октябры

№ 82