11.02.2026 №72 № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Абдыразакова Гүльнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Абдыразакова Гүльнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2026-жылдын 10-февралындагы жыйында “Кыргыз Туусу” гезитинде жарыяланган жарыялоону “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
Жумушчу топ “Кыргыз Туусу” гезитине (2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (24978) саны) № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Абдразакова Гульнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин шайлоо алдындагы программалары жана маалыматтык материалдары жарыяланганын аныктады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 23-беренесине ылайык “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 198 токтому менен бекитилген 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2026-жылдын 9-февралы шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык тигил же бул талапкер үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө чакыруулар, айрым талапкерлерге карата артыкчылык берүү, талапкерлердин шайлануусунун же шайланбай калуусунун ыктымалдуу кесепеттерин баяндап жазуу, талапкерлердин кесиптик ишмердиги же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарышы менен байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат.
Жумушчу топтун 2026-жылдын 10-февралындагы чечими менен № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Г.П. Абдыразаковага жана А.А. Эгембердиевге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн “Кыргыз Туусу” гезитине 65-беренесинин 2 -бөлүгүндө каралган 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 10-февралындагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер Абдразакова Гүлнара Пазылжановнага жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичке 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ошондой эле «Кыргыз Туусу» гезитине 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу милдети жүктөлсүн.
2. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыразакова Гүльнара Пазылжановна жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович, ошондой эле «Кыргыз Туусу» гезитинин өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 11-февралы
№ 72
