06.11.2025 №1089 № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин 2025-жылдын 6-ноябрындагы (кириш № 12/3363) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 420 чечими менен катталган № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамытов Айдар Нурлановичтин, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Семембаева Айгуль Асылбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
  3. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамытов Талант Токтобековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамытов Айдар Нурлановичке, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Семембаева Айгуль Асылбековнага берилген каттоо ырастамалары ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
  4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

          Төрага                                                                                                                Т.Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 6-ноябры

№ 1089