06.11.2025 №1087 № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Токтосун Султановичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Токтосун Султановичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

 

№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Токтосун Султановичтин 2025-жылдын 6-ноябрындагы (кириш №12/3360) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Токтосун Султановичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 22-октябрындагы №372 жана 28-октябрындагы № 599 чечимдери менен катталган №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Токтосун Султановичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Раимбаев Нургазы Кемеловичтин, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бекматова Мээрим Жыргылбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын жана каттоо ырастамалары жараксыз деп табылсын.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 6-ноябры

№ 1087