07.10.2025 №39 № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.Т. Мурзаевди жана С.А. Чоронбаеваны каттоо жөнүндө

№ 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.Т. Мурзаевди жана С.А. Чоронбаеваны каттоо жөнүндө

 

№ 21 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 6-октябрындагы (кириш № 12/1653) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. № 21 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

– Мурзаев Марат Тиркешович, шайлоо маселелери боюнча;

Чоронбаева Салиман Алтынбековна, финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-октябры

№ 39